Байыркы Египет маданияты![]() Байыркы Египет маданияты б. з. ч. 4-мин жылдыктын аягында, 3-мин жылдыктын башында байыркы Египет мамлекетинин түзүлүшү менен жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик жана рим – византиялык доорлор (б. з. ч. 332 – б. з. 642) да эсептелген. КурулуштарБайыркы Египет Маданиятынын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына – Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири сугат системалары менен храмдарды курууга жумшалган; көптөгөн каражаттар пирамидаларды курууга сарпталган. Алардын эң чоңу – Гизадагы Хеопстун пирамидасынын (бийиктиги 146,6 м) курулушуна 30 жыл бою бир эле мезгилде 200 миң кул иштеген.
Коомдогу жетектөөчү роль бийлик төбөлдөрү менен жрецтерге таандык болгон. Диний көз караштарыДиндеги негизги салт өлгөндөрдүн денесин мумия менен катыруу, ошондой эле жаныбарларга сыйынуу эсептелген. Жазуу тамгаларыБайыркы Египет маданиятындагы бир өзгөчөлүгү – анын татаал иероглиф жазмасы. ![]()
Илимий иштериЕгипетте зор колдонмо мааниге ээ болгон илимдерге (геометрия, арифметика, жөнөкөй алгебра) негиз салынган. Адабий булактар бизге көпчүлүк учурда байыркы грек белгисиз авторлорунун чыгармалары катары жетти. Негизги адабий жанрлар: тамсилдер, насыяттар, баяндар, мифтер,жомоктор, гимндер, сыйынуулар, эпистолярдык тексттер. Диний – мифтик тексттер биздин мезгилге «Саркофагдардын тексттери», «Пирамидалардын тексттери», «Маркумдар китептери» деген жыйнактарда топтоштурулуп жетти. Байыркы Египет маданияты жөнүндөгү маалыматтарБайыркы Египеттин маданияты жөнүндөгү көптөгөн маалыматтарды байыркы гректер сактап жеткиришти. Алар Байыркы Мисирди акылмандуулуктун өлкөсү деп, ал эми мисирдиктерди өздөрүнүн мугалимдери деп эсептешкен. Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia