Бишкек-Ош автомобиль жолуБишкек–Ош автомобиль жолу — Кыргызстандын түндүгүн түштүгү менен байланыштырган стратегиялык маанидеги жол. Жолдун курулушу 1941-жылы башталган. 1941-жылдын августуна чейин Бишкек–Сосновка жана Кара-Суу–Ош бөлүктөрү курулган. Токтогул ГЭСинин курулушу башталгандан кийин бул жолду реконструкциялоо зарылчылыгы пайда болгон. Анткени ГЭСке керектүү техникаларды жана жабдууларды ташуу үчүн жол жетишсиз болгон. 1956-жылы август айында СССР Министрлер Советинин “Фрунзе–Суусамыр–Ош жолунун курулушу жөнүндө” №518 токтому кабыл алынган. Бул курулуш Бишкектеги №16 жол курулуш башкармасына жүктөлгөн. Сосновка айылында, Токтогул шаарчасында жана Таш-Көмүр шаарында атайын курулуш башкармалыктары түзүлгөн. Кара-Көл шаарынын аймагындагы өтө татаал тоолуу бөлүктөрдө жол курулушу 1962-жылдын 17-апрелинде башталып, 1964-жылы аяктаган. 1965-жылы узундугу 678 км болгон Бишкек–Ош жолу толугу менен курулуп, пайдаланууга берилген. 1995-жылы “Бишкек–Ош” автомобиль жолун реабилитациялоо долбоору иштелип чыккан. Долбоордун болжолдуу наркы 240 млн АКШ долларын түзгөн. Ал үч этапта ишке ашырылган. 1997-жылдан тартып курулуш иштерин Ирандын "Kayson" компаниясы жана "Суусамыр-Интер" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы аткарган. Долбоорго Жапон Эл аралык кызматташтык банкы жана Азия өнүгүү банкы каржылык колдоо көрсөткөн. Жапон банкынын кредити — 27,98 млн доллар, Азия өнүгүү банкыныкы — 50 млн доллар болгон. 1-фаза боюнча курулуш иштерин көзөмөлдөө жана кеңеш берүү кызматын Даниянын "Carl Bro International" компаниясы аткарган. Учурда бул жол курулуш тармагында 3,5 миңден ашуун адам эмгектенүүдө. |
Portal di Ensiklopedia Dunia