Википедия:Администраторду шайлоо/Архив/2025

Абдырашит Сатылганов

Талапкер:Абдырашит Сатылганов
Макул / OK МакулY
Каршы / No ЖокʈN

Саламатсыздарбы....Кыргыз Википедиясы, мурда 2016, 2017, 2019, 2020 жылдары администратор болгонмун, акыркы учурда көп Вандализм болгондугуна байланыштуу, алар менен күрөшүү үчүн кайрадан өзүмдү администраторлука сунуштап жатам, "колдоп берет" - деп үмүттөнөм, эгер суроолор жана сунуштар болсо кайрылып, ой-пикириңиздерди калтырсаңыздар болотАбдырашит Сатылганов (баарлашуу) 04:46, 9 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

  1.  Макул. Активдүүлүгүңүздү күтөбүз. Администратор болууга эң ылайыктуу колдонуучулардан бирисиз. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 05:31, 9 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
    Ишеним көрсөткөндүгүңүз үчүн ыраазычылык билдирем Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 03:17, 11 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
  2.  Макул, Janabaevazizbek айтканына кошулам.Incall talk 06:40, 9 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
  3.  Макул Алгачкы жолу шайлоого катышып жатамын. Негизи эле күчүрмөн адамдарды колдоймун. Kyrgyzchala (баарлашуу) 07:34, 9 май 2025 (UTC)Kyrgyzchala[жооп берүү]
  4.  Макул Калыптарды бир стандартка келтирсек сонун болмок. Ийгилик калоо менен сизди колдоймун Artelow (баарлашуу) 12:26, 9 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
  5.  Макул Вандализмге каршы баарыбыз күрөшүшүбүз керек деп ойлойм, а бирок калыптарды бир стандартка келтирүү максатыңыз мага жакты, ушул себептен макул. Иштериңизге ийгилик. Максаттарыңыз тез арада ишке ашуусун каалайм. --Baydastann (талкуу) 22:04, 11 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
  6.  Макул Өз пикиримди пикирлер бөлүмүнө жаздым. Сизге ийгилик каалаймын жана колдоймун. Элдин беги (баарлашуу) 11:31, 15 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
  7.  Макул бул колдонучунун мурдагы салымдарын эске алып колдоймун жана мындан кийин да википедияга жигердүү салым кошуп, жаңы колдонуучулар менен сылык мамиле кылат деген үмүттөмүн. Ошондой эле администраторлук статусун жалан гана вандализм менен күрөшүүгө эмес жаңы эрежелерди да киргизгенге жана кыргыз тилиндеги википедияны өңүктүргөнгө да аракет жасайт деп ишенем.   Mirzoulug'bek |@  15:24, 15 май 2025 (UTC)[жооп берүү]


Пикирлер

Саламатсыздарбы урматтуу википедиячылар! Саламатсызбы Абдырашит Сатылганов мырза. Жакшы иш баштаптырсыз, ийгиликтер болсун. Сиз өз талапкерлигиңизди койгонуңуздан кийин мени бир канча ойлор ойлондуруп жатат. Менин сизге эч кандай каршылыгым жок, керек болсо керек учурларда колдоого да даярмын. Сиз убагында админстратор болуп, тажрыйбаңыз да көп деп ойлойм. Бирок тилекке каршы соңку 3-4 айда мен сиздин активдүү болгонуңузду көрө элекмин. Соңку активдүү айыңыз өткөн жылдын декабрь айына барып такалат экен. Андан кийин январь айында 2 түзөтүү, февраль айында да 2 түзөтүү, март айында болсо бир да аракет жок жана кийинки аракеттер апрель айынын аягында. Май айында болсо бир түзөтүү менен күтүлбөгөн жерден чыга келип админстраторлукка талапкерлигиңизди коюп жатасыз, өзүңүзгө башкача сезилип жаткан жокпу? Википедияга ар күнү кирип турган адамга башкача сезилет экен.

Максатыңызга Вандализмге каршы күрөшүүнү себеп кылып келтиргенсиз, ошондо мындан башка аракеттерди жасабайсыз? - же мен башкача түшүнүп жатам.

Негизи бир убактар админстратор болуп жүрүп кандай иштерди аткаргансыз, кыскача айтып бере аласызбы? Ошол убакта админстратор болуп кайсы иштер аягына чыкпай калган, ишке ашпай калган, кайсылары ишке ашкан? Ушул сыяктуу суроолорго жооп берип өтсөңүз жакшы болот эле.

Ийгиликтер болсун! --Baydastann (талкуу) 09:15, 10 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

Саламатчылык, ооба туура айтасыз декабрь айынан бери активдүүлүк белгилүү бир септептерден улам жоголгон, ал эми талапкерлике койгонумдун себеби @Incall тарабынан берилген сунушу түрткү болду Колдонуучунун баарлашуулары:Абдырашит Сатылганов#Администратор. Өзүмө башкача сезилип жаткан жок, себеби мындай көрүнүштөр буга чейин эле болуп келген жана ал нерсе келечекте коюлган пландарга эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептейм.
1.Максат вандализмди жоюу, 2. Калыптырды стандарт кылуу. Андан башка аракет жасоого берилген мөөнөт аздык кылат.
Администраторлук макам узак мөөнөткө берилген эмес, кыска убакыттын ичинде көрүнүктүү бир иш жасадым деп баса белгилеп айта албайм, учурунда активдүү колдонуучулар аз болгондугуна байланыштуу, кыргыз википедиясы вандализмге кабылып, айрым макалалар ушул күнгө чейин ордуна кайтарыла элек. Добуш берүүдө активдүү колдоонуучулар жок болгондуктан, добушу жок админ макамы берилген
Ишиңизге ийгилик, пикир калтыргандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирем Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 04:34, 11 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

Арыбаңыз @Абдырашит Сатылганов мырза! Кыргыз Википедиясына активдүү салым кошуп келе жатканыңызга ыраазычылык билдирем жана ынтызарлык менен иштөөгө бел байлап жатканыңызды колдоймун. @Baydastann мырзанын суроосуна жооп берип жатып, кыска убакытка алган элем деп жооп берген экенсиз. Андан соң мен администраторлорду шайлоонун архивин карап чыктым. Чындыгында ал учурда активдүү колдонуучулар өтө аз болгон экен жана шайлоо жыйынтыктары да так белгилүү түрдө көрсөтүлбөй калыптыр. Ошол убактарда 2016-17, 2019-20-жылдары канча убакытка (ай) администратор болгон болчусуз? Негизинен кандай тоскоолдуктар, көйгөйлөр бар болчу? Тажрыйбаңыз менен бөлүшүп кое аласызбы. Чоң рахмат.

Менин сунушум: 2025-жылы Ташкентте өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ВикиКонференциясында кыргыз википедиясынын атынан барган википедиячылар Кыргыз Википедиясына дайымкы администратор жана Википедиябызга байкоо жүргүзүп туруучу башка макамдарды алуу жана иштеп чыгуу боюнча маселелерди талкуулап, Викимедиа Фондунун өкүлдөрү менен да талкуулаганбыз. Азыркы учурда бирин-бири тааныган, википедияда мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болгон, википедияны ачык өркүндөтүүгө бел байлаган википедиячылар көбөйүп жатат. Бул жакшы жаңылык. Бул өз кезегинде жогорудагы аталган түрдүү макамдарды алууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн биз бардык эрежелерди жана тийиштүү иш-аракеттерди жасообуз керек. (Буга чейин колдонуучу Janabaevazizbek мырза да интерфейс администраторлугун алуу боюнча сунуш берген болчу, анын суранычына азырынча күтө туралы. Бардык макамдарды иштеп чыгып, андан соң бирдиктүү кайрылуу менен Викимедиа Фондуна кайрылууну сунуш кылган болочумун). Бул багытта да жалпы иш алып барсак, ошондой эле сизди да жамаатыбыз менен иш-чараларды уюштурууда активдүү катышат деп ишенемин. Элдин беги (баарлашуу) 18:02, 14 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

Саламатсызбы Элбек мырза, буга чейин администраторлукка 4 жолу талапкерлигимди бергенмин, 4 жолу тең убактылуу 3 айга сугарганмын, учурдагы талапкерлигим деле 3 ай. "Тоскоолдук" - деген суроороңузда эмне жөнүндө айтылганын жакшы түшүнө алган жокмун, эгер суроо добуш берүү боюнча болсо, анда кээ бир учурларды эске албаганда, тоскоолдук дээрлик болгон эмес, ал эми көйгөй боюнча, башта белгилеп кеткендей эле, ошол учурда вандализм аябай күч алган, википедиянын эң негизги көйгөйү ошол болгон. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, эреже киргизүү боюнча ич ара бир чечимге келе алган эмеспиз, талкуу жүргүзгөн баракты таппай жатам, өчүрүлүп кетсе керек. мисалы:Бул жредеги баарлашууда 2012-жылда кабыл алынган эрежени белгилеп кеткенин байкасак болот, анда инсандар туурасындагы макала үтүр менен жазылышы керек деген пикирди кармаган колдонуучулар 2019-жылга чейин көптүк кылган (азыркы учурда ошол үтүрлөрдү "колдонуучу. Artelow" алып жатканын байкасак болот). Макалага тиешелүү инсандын ысымы, же болбосо башка нерселердин аталышы биринчи жазылышы керек деген эрежени киргизүүнү сунуштаганмын, азыр деле ошондой ойдомун....мындай сунушту колдогондордун арасында Nataev мырза бар эле..
Мен көп жылдан бери чет өлкөдө болгондугума байланыштуу, сиздер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болбой жатат, андыктан келечекте жолугушууга мүмкүнчүлүк табылаар деген үмүттөмүн. Ал эми эрежелерди иштеп чыгуу жөнүндөгү оюңузга кошулам, бул нерсени жалпы жамаат биргеликте чече турган нерсе. Албетте эреже боюнча сунуш, ой-пикир, талууларды жатсаңыздар мен өз пикиримди билдирүүгө даярмын.... Ишиңизге ийгилик, добуш берүүдө мыкты талкуу болгону аябай сүйүндүрөт, бул да болсо, кыргыз википедиясынын өнүгүп келе жатканынан кабар берет Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 18:31, 16 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
Пикир 2

Саламатсыздарбы, урматтуу Кыргыз Википедиясынын катышуучулары!

Мен дагы ой бөлүшүүнү туура көрдүм. Акыркы мезгилде жүргүзүлгөн байкоолорумдун жана талдоолорумдун негизинде айрым маселелерди белгилеп кетейин:

  • Бир колдонуучуну администратор кылуу менен вандализмди токтотууга болбойт. Азыр да максаттуу жана атайылап жасалган бузууга байланышкан аракеттер болуп жатат. Вандализм — бул системалуу көзөмөлдү жана ырааттуу активдүүлүктү талап кылган олуттуу маселе. Бир эмес беш администратор болсо да, эгер активдүү катышуучулардын саны өтө аз болсо, бул көйгөйдү толук же такыр эле чече албайбыз. Эгерде бизде жетиштүү адам ресурсу болбосо, вандализм менен күрөшөбүзбү же макала жазып, мазмун оңдойбузбу деген өтө оор суроо туулат.
  • Кыргыз Википедиясында көптөгөн маселелер боюнча жалпы кабыл алынган эрежелер жок. Бул макалалардын форматынын, калыптардын стилистикалык ыкмаларынын ар кандай болушуна себеп болууда. Мисалы, «Хомезавр» аттуу колдонуучу калыптардын шрифт өлчөмдөрүн өзгөртүп, структурасын бузуп чар-жайыт кылып туруп, администратор тарабынан өчүрүлүп калды. Анын азабы азыркыга чейин, калып кошууда уланууда. Мындай карап келсек ал колдонуучу тарабынан эреже бузу болгон жок, себеби бузганга эреженин өзү да жок.

Бул шайлоого шашып добуш берип алыптырмын, азыр болсо каршы же калыс деген добуш берет элем.

Сунуш катары Википедиянын түзүмүн (код) жакшы түшүнгөн интерфейс администраторлорун, инженерлерди таандап/шайлап алсак Кыргыз Википедиясына чоң салым кошот элек да...Artelow (баарлашуу) 12:35, 15 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

Саламатсызбы,
  • Туура айтасыз, вандализмди жоюу мүмкүн эмес, мындай көрүнүштөр бир гана бизде эле эмес,википедиянын башка бөлүмдөрүндө дагы көйгөй жаратып келген маселе. мен такыр эле жоюп салам дегенден алысмын, бирок күрөшүү боюнча аракеттерди жасаса болот. Мисалы: Вандализмди көбүнчө аноним колдонуучулар тарабынан жасалат (статистикадан 99% аноним экенин байкасак болот), көлөмү чоң макаларга же болбосо эң көп вандал жасалган макалаларга карата, андонмдер үчүн чектөө киргизсек болот. Бир эмес беш администратор болсо дагы эч нерсе чечилбейт деп жатасыз, чындыгында түп тамыры менен жок кылууга администрордун күчү жетпейт, негизги эле администратордун, жөнөкөй колдонуучулардан эч кандай айырмасы жок, болгону ага берилген бир аз гана артыкчылыгында. Ошондуктан администратор макамды кыргыз википедиясынын активдүү колдонуучулары (жок дегенде 4 колдонуучу) алышы керек деп эсептейм (башка тил бөлүмдөрүнүн тажрыйбасын, принциптерин алып караганда). Мындай аракеттен, жалпы түзүлүш жапа чегет дегенден алысмын, тескерисинче көптөгөн тажрыйба алууга мүмкүндүк берет.... "адам ресурсу" - деген пикириңиз ,бир аз чартарап экен, негизги максат, ошол жаңы жазылган жана оңдолуп жаткан макалаларды, коргоого алуу.
  • Ооба туура айтсасыз, кыргыз википедиясында жеткиликтүү иштелип чыккан эрже жок, бирок 2012-жылдагы кабыл алынган анча чоң эмес эреже бар болчу (азыркы учурда ал эреже жок экен), сиздин википедияга кошулганыңызга көп жыл болуптур, ошол кездеги эрежелерди окуп калган чыгаарсыз.... Негизинен эле эреже такыр жок деп айтууга болбойт, негизги принциптерине шилтеме берүү менен макала жаратып жатабыз. Калыптардын бузулууусу жөнүндө мисал катары бир колдонуучу белгилеп кетипсиз. ооба туура эмес түзөтүүлөрдөн калыптардын жапа чеккен жайы бар, ага каршы чыккандардын баш сабында өзүм да бармын. Калыптар жөнүндө айтса турган болсом, калыптарды оңдоо, түзүү боюнча тажрыйбам бар, ал колдонуучуга салыштыруу же болбосо калыптардын бузулуп кетүүсүнөн кыжаалат болууга негиз жок.
Шашылыш добуш боюнча — добуш берүү жана талкуу бир жумага созулат, ал учурда добушуңузду өзгөртүп, талапкерге добуштун өзгөрүү себептерин белгилеп койсоңуз болот. Менин талапкерлигим убактылуу, негизги максат: вандализм, калыпты жөнгө салуу, ал учурда талкуу болсо кошулуп, өз сунушумду берүүгө даярмын.
Эң түбүндөгү пикир боюнча — Сиздин оюңузга кошулам, учурда. интерфейс администраторлука Janabaevazizbek мырза талапкер экен, менин жеке оюм. убакытылуу макам берүүнү колдоймун, тажрыйба алышы керек, мындай кадамда чечкиндүү кадамдарга барганыбыз туура. администраторлордун көптүгү зыян алып келбейт деп эсептейм.... Ишиңизге ийгилик, абдан сонун талкуу жүргүздүңүз, дагы көптөгөн салымдарды кошо бериңиз. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 20:03, 16 май 2025 (UTC)[жооп берүү]
Пикир 3

Арыбаңыздар! Пикирлер билдирилип жатканы адамды кубандырбай койбойт. Бул да болсо биздин даражабыз өсүп жатканынан кабар берип, талапкерлердин жоопкерчилигин дагы да болсо жогорулатат деген ойдомун. Пикирлер кызык жерине келген ушул жаатта мен дагы бир пикиримди айтууну туура көрүп турам, албетте каршы болбосоңуздар. Демек, мен айтайын деген айрым маселелер:

  • Жамаат порталында аягына чыкпай калган талкуулар. Мисалга бул Чечим кабыл алуучу статусун киргизүү сунушу.
  • Тастыкталган (ырасталган) колдонуучу статусун берүү сунушу. Эми эмнеге берилиши керек деген суроо жаралат. Бул статус берилсе, колдонуучу IP бөгөттөөдөн алыс болот, башкача айтканда IPси бөгөттөлбөйт. Мисалы мен өзүм эч кандай Вандализм кылбаган болсом да, IP дагерим 8-9 жолу бөгөттөлдү. Бул көрүнүш көп учурда өзүнүн зыянын тийгизип жатат. Мен бул статусту өзүмө алууну көздөп турган жерим жок, өзүмдү мисал катары көрсөттүм. Менин билишимче бул статус администраторлор тарабынан берилет.
  • Азыркы учурда бизде Кайтаруучу (rollbacker), Патрульдар жок, ушул маселелерди да карап чыгуубуз керек. Бул да болсо Вандализмге каршы күрөшүүгө жакшы бир куралдардын бири болуп берет деп ишенем.

Урматтуу колдонуучулар. Мен жогорудагы маселелерди эмнеге айтып жатам, бизде кыргызда шайлоо үгүт (орус. агитация) учурунда карапайым эл талапкерлерге өздөрүнүн көйгөй-жагдайларын айтып алышат. Ушул сыяктуу мен да талапкерибизге айрым жагдайларды эстетип өтөйүн дедим. Абдырашит Сатылганов буюрса администратор болуп калсаңыз, мен санап өткөн маселелерге көңүл бурасыз деген терең ишеничтемин. Ишмердүүлүгүңүздү ушул маселелер менен баштасаңыз нур үстүнө нур болот. Иштериңизге ийгилик. Baydastann (талкуу) 07:29, 17 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

Бул жердеги талкуу негизинен жабылган эле,бирок ага карабастан жооп берүүнү туура көрдүм,
  • 1) Берилген сунуш абдан кызыктуу экен, бирок менде ал туурасында маалымат жок, андыктан кандай таризде ишке ашаарын да так билбейм, википедиянын кайсыл бөлүмдө ийгиликтүү ишке ашып жатса байкоо жүргүзүү керек деп эсептейм. 6 айдан ашуун салымы бар активдүү колдонуучу "макаланы өчүрө алат" - дегенге толук кошула бербейм, бул нерсе бир аз башаламандык жаратып коюшу ыктымал, бирок анткенибиз менен эксперимент жасоодон качпашыбыз керек , "жакшы макала", "мыкты макала" боюнча эрежелерди иштеп чыгып, аны менен токтобостон ал макалага ошол наамды берүүнү да карап чыксак жакышы болмок. Негизинен эле Mirzoulug'bek мырзанын сунушу кызыктуу, аны кайрадан талкууга койсо, бирдиктүү чечимдерди кабыл алмакпыз.
  • 2) Кечиресиз пикириңиздин алгачкы саптарын жакшы түшүнө албай койдум, ал эми ID даректин бөгөт болуусуна ар кандай учурлар себеп болот, эң жөнөкөй мисалы:VPN да себепчи. Ал эми макам ким тарабынан бериле турганын билбейм, бул сунушка өзүм да жакшы түшүнө алган жокмун, балким кайрадан талкууга койсо, ошондо толук түшүнүүгө мүмкүнчүлүк жаралмак.
  • 3) Сунушуңуз Mirzoulug'bek мырзанын сунушуна окшош экен, талкууга койсоңуз болот.
Эң түбүндөгү комментарий боюнча — Ооба чындыгында көйгөйлөр көп, балким келечекте сунуштарыңызды карап көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат деген ишеничтемин. Азыркы учурда калып боюнча бир канча чечимдерди кабыл алуу сунушу боюнча иш жүргүзөм, талкууга, добуш берүүгө активдүү катышып берүүңүздү суранып өтөт элем. Ишиңизге ийгилик. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 14:40, 17 май 2025 (UTC)[жооп берүү]

архив

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya