Википедия — жалпы жана адистештирилген энциклопедиялардын, журналдардын жана географиялык маалымдамалардын элементтерин камтыган энциклопедиялык вики-сайт (онлайн энциклопедия). Бирок, Википедия — ар кандай маалыматтын жыйындысы эмес, анархия же демократия боюнча эксперимент эмес, басма сөз эмес, сөздүк эмес, баштапкы документтердин жыйындысы эмес, нускама эмес, окуу куралы же илимий журнал эмес. Ошондуктан, Википедия чыгармаларыңызды, өмүр баяныңызды, оюңузду, тажрыйбаңызды, изилдөөңүздү жарыялай турган, өзүңүздү же башка бирөөнү, нерсени жарнама же үгүт кыла турчу жай эмес. Википедияда энциклопедиялык макалалар жана аларга тиешеси бар маалымат жайгаштырылат.
Википедия бейтараптуу жазылат
Википедия бейтарап болууга умтулат. Демек, энциклопедиялык макалалар ишенимдүү булактардын негизинде жана энциклопедиялык стилде жазылышы керек; макаланын предмети так жана ачык-айкын чагылдырылышы керек, тиги же бул көз карашка артыкчылык берилбей, аларды түшүндүргөн контекст менен коштолушу керек.
Википедиянын материалдарын каалаган колдоно, өзгөртө жана бөлүшө алат
Википедиянын дээрлик бардык материалдарын каалашынча колдонсо жана өзгөртсө болот. Макалаларды каалаган түзө жана түзөтө алат. Эч ким макаланы ээле албайт. Демек, салымыңыз аёосуз өзгөртүлүшү мүмкүн. Википедияга автордук укукту бузган материалдарды жайгаштырууга жол берилбейт. Айрым учурларда жана альтернативасы жок учурда, автордук укук менен корголгон материалдарды ак ниет пайдалануу шарттарына ылайык колдонууга уруксат.
Колдонуучулар бир-бирин сыйлашы керек
Википедияда жүрүм-турум эрежелери бар. Ал эрежелер Википедиядан сырткары катнаштарга да тийиш. Дайыма сылык болуңуз. Консенсуска келүүгө аракет кылыңыз, түзөтүүлөр согушун баштабаңыз.
Википедияда бюракратизм жок
Мыкты энциклопедия түзүү максатында ар ким өз убактысын, күчүн сарптайт. Википедия биздин мээнетибиз. Демек бир-бирибиз менен баарлашуудан баш тарта албайбыз. Ар бирибиздин ар кайсы маселе боюнча өз көз карашыбыз бар болушу мүмкүн. Мындай пикир келишпестиктер талкуу аркылуу консенсуска келүү менен чечилет. Энциклопедия жазуу ордуна сыяктуу маселелерге улам токтолуп, убактыбызды коротпоо үчүн эрежелер түзүлөт. Эрежелер ― мыкты энциклопедия түзүү максатында жамааттын ар түрдүү маселе боюнча консенсусу. Эрежелер колдонуучулардын катнаштарын жөнгө салат, энциклопедиянын бирдейлигин, түшүнүктүүлүгүн, мыкты тажрыйбанын колдонулушун камсыз кылат. Убакыттын өтүшү менен эрежелер, алардын чечмелөөсү өзгөрүшү мүмкүн. Эрежелер идеалдуу эмес, аларды ар кандай максатта бурмалап колдонуу да мүмкүн. Кээде эреже мыкты энциклопедияны жаратууга тоскоол жаратышы мүмкүн, мында анын жоболорун сөзмө-сөз аткаруудан көрө, анын максатын жетекчиликке алуу керек. Википедияга салым кошуу үчүн бардык эрежелерди билүү талап кылынбайт. Убакыт өтүшү менен аларды билип каласыз деп болжолдонууда. Макалаларды жаңыртууда тайманбас, бирок шалаакы болбоңуз. Ката жөнүндө кабатыр болбоңуз: макалалардын мурунку бардык нускалары сакталат жана жеткиликтүү, андыктан Википедиядагы маалыматты бузуу же орду толгус жоготуу мүмкүн эмес. Бирок, эсиңизде болсун: кылганыңыздын баары кийинки урпактар үчүн сакталат.