Евразия экономикалык бирлиги
Евразия экономикалык бирлиги[1] (кыск. ЕАЭБ, арм. Եվրասիական տնտեսական միություն, белар. Еўразійскі эканамічны саюз, каз. Еуразиялық Экономикалық Одақ, орус. Евразийский экономический союз) — чөлкөмдүк экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Уюм эл аралык укукка ээ жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБде товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы, жана экономикалык тармакта айкалашкан, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалат. Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү катарына Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет. ЕАЭБ улуттук экономикалардын ар тараптуу модернизация, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана уюмдун мамлекеттеринин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн. 2015-жылдын 25-майында Вьетнам ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода чөлкөмүнө кирди. КурамыМүчөлөрү
Байкоочу мамлекеттер
Талапкерлер
Эркин соода чөлкөмү
Тарыхы1994Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1994-жылдын 29-мартында Орусияга болгон алгачкы расмий иш сапарында, Москва мамлекеттик университетинде, биринчи жолу бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана биргелешкен коргонуу саясаттын негизинде Евразиялык биримдикти түзүү идеясын айтып чыккан. 20102010-жылдын июль айында ЕврАзЭСтин чектериндеги Бажы бирлигин түзүү жөнүндөгү келишимдиктер күчкө киргенден кийин, ошол эле жылдын декабрь айында ЕврАзЭС саммиттинде Беларусь Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн Бирлиги экономикалык мейкиндигинин негизинде Евразия экономикалык бирлигин түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган. 201119-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин өлкө башчылары Россия, Беларусия жана Казакстандын Бажы бирлигине Кыргызстанды кошуу чечимин кабыл алышкан. 18-ноябрьда Москва Россиянын президенти Дмитрий Медведев, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биригүүнүн кийинки этаптарынын иш кагаздарына кол коюшкан:
![]() Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү декларацияда 2012-жылдын 1-январынан тарта кийинки биригүү курулуш этабы - Евразия экономикалык мейкиндикке өтүшү билдирилет. Евразия экономикалык мейкиндик Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун нормаларынын жана принциптеринин негизинде түзүлөт жана калыптануусунун кайсы этабы болбосун башка мамлекеттердин кошулуусуна ачык болот. Түпкү максаты - 2015-жылга Евразия экономикалык бирлигин түзүү. 2014-жылдын 1-майына чейин Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишими даяр болушу керек 20122012-жылдын 1-январынан баштап ЕврАзЭСтин Бажы бирлигин үч өлкө мүчөсүнүн аймагында Евразия экономикалык мейкиндиги (ЕЭМ) ишке кирди. Евразия экономикалык мейкиндиги мамлекет-мүчөлөрдүн туруктуу жана таасирдүү өнүгүшүнө шарт түзүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн түзүлгөн. ЕЭМдин 2011-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган интеграциялык келишимдери толугу менен 2012-жылдын июль айынан баштап иштеп баштаган. 2012-жылдын февраль айында Россиянын Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин Бажы бирлигин жана Евразия экономикалык мейкиндикти түзгөндөн кийин, мамлекет-партнерлор Евразия парламентин түзүү ниеттерин айткан, Бажы бирлиги жана Евразия экономикалык мейкиндик болсо келечекте Евразия бирлигин түзүүдө негиз болорун билдирген. 201320142015ЭкономикаПостсоветтик өлкөлөрүнүн биригүүсүнөн болгон жалпы макроэкономикалык таасири бир нече пунктка бөлүнөт:
Ошол эле убакта, бирликти түзүү жөнүндө келишимдин кол коюлган түрү компромисстик мүнөздө болгондуктан, ойлонгон бир нече чаралар толук аткарылган эмес. Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык соту кабыл алынган келишимдердин аткарылышын контролдоого кеңири ыйгарым укук алышкан эмес. Эгер ЕЭКтин токтомдору аткарылбаса, талаш маселени Евразия экономикалык соту карайт. Соттун чечими рекомендациялык мүнөздө болот, маселе биротоло мамлекет башчыларынын кеңешинин деңгээлинде чечилет. Биримдиктин акча бирдигиБулактар |
Portal di Ensiklopedia Dunia