Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуЖаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), (орус. Организация Договора о коллективной безопасности (ОДКБ)) - келишимдин негизинде бир нече Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий союз. ![]() КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж. 15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен. 1993-ж. Келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган. ЖККУ Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгында 1995-ж. 1-ноябрда катталган. Келишимге ылайык катышкан мамлекеттердин башчыларынан, тышкы иштер жана коргонуу министрлеринен жана жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынан турган курамдагы - Жамааттык коопсуздук кеңеши түзүлгөн. Кеңеш келишимге катышуучулардын кызматгаштык ишин координациялайт жана камсыз кылат деп айтылган. Бирок, 1999-ж. апрелде үч мамлекет - Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди Узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен. ЖККУнун максаты: келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо. Курамы
Парламенттик ассамблея алдында байкоочу-мамлекеттерМүчөлүгүн токтоткон мамлекеттер
Колдонулган адабияттар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia