Женьшень
Женьшень (кыт. улут. 人參, жең. 人参, пиньинь: rénshēn, лат. Pánax) — Женьшень жашоонун символу катары эсептелет. «Кудайлар белеги», «Табият керемети», «Жер деми» - деген аталыштарга ээ. Жерде мындан миллион жыл мурун пайда болгон өсүмдүк азыркыга чейин бар.Женьшень кытай сөзү. “Жень” – “адам”, “шень” – “тамыр” деген түшүнүктү берет. Башкача айтканда, адам-тамыр деген маанини түшүндүрөт. Бул аталышы дарылыкка колдонула турган тамырынын адамдын келбетине окшоштугунан улам келип чыккан. Эл аралык Кызыл китепке кирген көп жылдык өсүмдүк. Өскөн аймактарыЖеньшень табигый түрдө Ыраакы Чыгышта, Кытайда, Тибетте, Алтайда, Уралда, Сибирде, Вьетнамда өсөт. Маданий өсүмдүк катары Орусияда, Кореяда, Кытайда, Японияда, Вьетнамда өстүрүлөт.Өстүрүү боюнча 1-орунда Түштүк Корея, 2-орунда Австралия, 3-орунда АКШ турат.Кытайда адам-тамырды 15 түргө ажыратышат. Биологиялык мүнөздөмөсү![]() (англ. William Woodville) «Medical Botany» (1790—1794). Мөмөсүнүн өңү ачык кызыл келип, ичинде 2 уругу бар. Гүлү бозомтук жашыл түстө. Тамырынын узундугу 25 сантиметрге чейин жетип, орточо салмагы 25-30 граммды түзөт. Узак жашоочу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Андыктан 350 жыл жашаган тамырдын айрымдарынын салмагы 400-500 граммга дейре жетет. Дарылыкка 6 жылдан өйдө жашаган женьшендердин тамыры гана колдонулат. Анткени ушунча жыл аралыгында гана тамырда дарылыкка ээ заттар чогулат. Тамыры кечки убак казылып алынып, жуулуп-тазаланып, анан кургатылат. Эгер тамыр жуулгандан кийин бууланып, анан кургатылса, тамыр кызыл тартып калат да, “кызыл тамыр” аталышка ээ болот. Тамыр кагазга оролуп, жыгач идишке салынат. Жыгач идиш калай банкага салынып коюлат. Ушинткенде гана тамыр кургап да кетпей, дарылык касиетин да жоготпой 10 жыл сакталат. Дарылыкка упадай майдаланып да коюлат. Медицинада жана маданияттаЖеньшень чыгыш медицинасында 4000 жылдан бери колдонулуп келет. Алгачкы эскерүүлөр кытай жазмаларында кездешет. Кытай медицинасында женьшендин дарылыгына арналган 52 томдук китеп жарык көргөн. Женьшень Азиядан Европага голландиялык соодагерлер аркылуу жеткен. Адам-тамыр көлөкөнү сүйүүчү өсүмдүк болгондуктан, ал өстүрүлүүчү плантациялардын үстү жабык болот. Дарылыктан тышкары Корея жана Кытайда тамак-ашка да колдонулат. Дары өсүмдүк жердеги азыктардын күчүн жок кылып жибергендиктен, ал айдалган жерге женьшенди кайрадан 10 жылдан кийин гана өстүрүүгө болот.
Төмөндөгүдөй ооруларда колдонулат
Колдонуудагы эрежелерЖеньшенден жасалган дары-дармектерди врачтын сунушу менен колдонуу кажет. Кан басым, жүрөк жана баш мээ оорусу барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, боордун циррозунда, аракечтикте, талмада колдонууга болбойт. Врач тарабынан сунушталса да, дарыгердин көзөмөлүндө өтө аз өлчөмдө колдонуу мүмкүн. Жаш балдарга колдонулбайт. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча ичип алуу артериалдык кан басымды көтөрүп, дем алууну кыйындатат. Уйкусуздук менен баш айланууну пайда кылып, кан агууну жаратат. Өсүмдүктүн курамындагы заттарТутумунда полисахариддер, эфир майы, витаминдер, никотин жана фолий кислотасы, чайыр, пектин, аминокислоталар бар. Мындан тышкары калий, кальций, фосфор, магний, темир, жез, кобальт, марганец, молибден, цинк, хром, титан жана башкаларга ээ. Кызыктуу маалыматтар
Шилтеиелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia