Запорожье облусу
Запорожье облусу (укр. Запорізька область) — Украинанын административдик-аймактык бирдиги, өлкөнүн түштүгүндө, Днепрдин төмөнкү агымында жайгашкан. Батышта Херсон облусу, түндүгүндө Днепропетровск облусу, чыгышында Донецк облусу менен чектешет, түштүгүндө Азов деңизи менен жуулат. Облустун аянты 27,1 миң км² (Украинада 9-орун), 2022-жылдын башына карата калкынын саны 1,6 миллион адамга (7-орун) бааланган. Акимий борбору жана ири шаары — Запорожье, башка ири шаарлары — Мелитополь, Бердянск, Энергодар, Токмак. Облус 1939-жылы Украина ССРинин Днепропетровск облусунан бөлүнүшү менен түзүлгөн. 1944-жылы батыш бөлүгү облустан бөлүнүп, Херсон облусуна айланган. 2022-жылы Орусиянын Украинага басып киришинин натыйжасында облус жарым-жартылай орус баскынчылыгында калган. 2022-жылдын 30-сентябрында Орусия облустун аннексияланганын жарыялаган[2]. Кээде бүт аймак туура эмес Запорожье деп аталат, бирок тарыхый жактан бул аталыш Запорожье облусунун түндүгүндө, азыркы Днепропетровск облусунун аймагындагы аймакка берилген. Административдик-аймактык түзүлүшүЗапорожье облусунун райондору 2020-жылдын 17-июлунан тартып Запорожье облусунун акимий борбору — Запорожье шаары. Райондору2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 5 районго бөлүнүшү кабыл алынган[3][4]:
Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада). Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia