КабувердьянуКабувердья́ну (кабо-вердиану, кабо-вердиан креолу; өз аты: kriolu, kriol, cabuverdiánu) — португалиялык креол тили. Кабоверделиктердин эне тили. Сүйлөгөндөрдүн саны 926 миңге жакын адамды түзөт.
Лексикада Батыш Африка тилдеринен (мандинго ж.б.) кирген сөздөр бар.
Кабовердьяну Гвинея булуңунун башка португал креол тилдери менен 59% окшоштукка ээ. ЖазуусуЛатын алфавитинин негизинде түзүлгөн жазуусу расмий документтерде ALUPEC (Alfabeto Unificado para a Escrita do Caboverdiano) деп аталат. ALUPEC — бул кабовердьяну жазуу системасына атайын ылайыкталган алфавит. 1998-жылы бекитилген жана төмөнкү тамгаларды камтыйт: A a, B b, D d, Dj dj, E e, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, Lh lh, M m, N n, Nh nh, Ñ ñ, O o, P p, R r, S s, T t, Tx tx, U u, V v, X x, Z z. СинтаксисСүйлөмдүн түзүлүшү Негизинен SVO конструкциясы колдонулат, мисал: Êl tâ cumê pêxi. — Ал балыкты жейт. ДиалектилерКабувердьяну барлавенту (Санту-Антан, Сан-Висенте, Сан-Николау, Сал, Боавишта аралдары) жана сотавенту (Сантьягу, Маю, Фогу жана Брава аралдары) диалектилерге бөлүнөт. Шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia