Кара-КулжаКара-Кулжа — топоним. "Манас" эпосунда сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: "Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына" (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); "Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен" (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. -К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет: Кароолдуктун тоосунан Карыя Бакай абасы Көмүрдөй кара Кулжадан, Көбүн атып салыптыр. Акыр заман журтуна Кара-Кулжа атагы Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)... Капкара болгон Кулжадан Элүү төртүн атышып... Баатырлар жолго салыптыр, Кара-Кулжа атакка Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288). Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош обл-нын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү. Колдонулган адабияттар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia