Каролина аралдары

Каролина аралдары

Каролина аралдарыТынч океандын батыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. Каролина аралдарында Микронезия Федерация штаттары (Борбордук жана Чыгыш Каролина аралдары: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) жана Палау Республикасы жайгашкан. 1–10°С түндүк кеңдиктин жана 131–163°С чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же аралдар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 км2. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанар тоодон пайда болгон ири аралдары (бийиктиги 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. Фосфат кендери бар. Климаты экватордук жана субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Балык кармалат.

Каролина аралдарында европалыктардан алгачкы жолу 1528-жылы испан деңиз саякатчысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл 11нин урматына аталган.

Колдонулган адабияттар

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya