Касымалиев Адылбек Алешович
Касымалиев Адылбек Алешович (1-декабрь 1960-жыл, Долон айылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. 18-декабрь, 2024-жылдан бери Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы. Өмүр баяныАдылбек Алешович 1960-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград финансы-экономика институтун «Экономист» адистиги боюнча аяктаган. 1984-1988-жылдары — Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери. 1988-1990-жылдары — Жол курулуш батальонунун каржы кызматынын начальниги. 1990-1993-жылдары — Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин орун басары. 1993-1994-жылдары — Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын начальнигинин биринчи орун басары. 1994-1995-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальниги. 1995-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын № 2 башкармалыгынын начальниги, тышкы контроль башкармалыгынын начальнигинин орун басары. 1996-1997-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары. 1997-1998-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Салык саясаты жана мыйзамдуулук башкармалыгынын начальниги. 1998-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги. 2000-2001-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык жана бажы саясаты башкармалыгынын начальниги. 2001-2002-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги. 2002-2002-жылдары — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары. 2003-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары. 2005-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагасынын биринчи орун басары. 2007-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары. 2009-2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары. 2010-2011-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы. 2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинде министрдин орун басары. 2012-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары. 2015-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министри. 2019-2020-жылдары — «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун директору. 2020-2021-жылдары — «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун төрагасы. 2021-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары. 2021-2022-жылдары — Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү. 2022-2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу [1]. 2022-жылдын 20-июнунан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары. 2024-жылдын 18-декабрынан — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси[2][3][4]. Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia