Колдонуучу:Bosogo
Аты-жөнүм: Коёналиев Айбек 2021-жылдан Кыргыз Википедиясынын толук кандуу катышуучусумун. Ага чейин ― 2018-жылдан бери орус тилдүү Википедияга катышып келгем. Ал жактагы Кыргызстан жана Кыргызстан менен байланыштуу макалаларды толуктап, талкууларга катышкам. Эми Кыргыз Викимедиасына толук берилдим. Бардык багытта иш алып баруудамын, анын ичинде Викимедиа долбоорлорунун интерфейстерин, мазмундарын кыргызчалаштырып жатам.
Кыргыз Википедиясы өнүгүшү үчүн жана кыргыз тилдин маанилүүлүгүн арттыруу үчүн бардык маанилүү түзөтүүлөрдү Кыргыз Википедиясында гана кылуу керек. Эгерде Кыргыз Википедиясы кыргыздарды кызыктырган темаларды башка Википедияларга караганда кайталангыс, толук кандуу жана актуалдуу маалымат менен чагылдырса, Википедиябызга кош тилдүү окурмандарды тартып алсак болот. Эгерде башка тилдүү Википедияларда Кыргыз Википедиясындагы маалымат болсо, анда инерция боюнча кайсы Википедияны тандалганын билгилүү. Акырындап эмгегиңиз Кыргыз Википедиясынын баркына пайда тийгизип баштайт. Акырындап «Кыргыз Википедиясы Кыргызстанга тиешелүү темаларга эң мыкты булак» деген макам пайда болот. Пайдасы бар тилге кызыгышат, пайдасы бар тил жашайт. Салымдарымдын бир бөлүгү: Макалалар Казакстандагы нааразылык жүрүштөр (2022) Кыргызстандын айылдары жана айыл аймактары ж.б. Калыптар ж.б.
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү Башкы барак (Калып:Викимедиа долбоорлору, Калып:Кош келиңиздер! ж.б.) ж.б. Котормолор Wikipedia_User_Name.webm.ky.srt Сыпаттоо |
Portal di Ensiklopedia Dunia