Коми-пермяктар
Коми-пермяктар (коми морт, коми отир, коми-пермяккез)[1] — Россиядагы финно-угор эли. Алар Пермь крайынын түндүк-батышында Коми-Пермяк округунда жашашат. Этимология"Пермь" ("пермяндар", "пермяктар") этноними, кыязы, "чет жерде жаткан жер" дегенди билдирген ("пера маа") вепс тилинен алынган. ТилКоми-пермяк жана орус тилдеринде сүйлөшөт. ДинХристиан дининин православдык багытын тутунушат. Старообряддыктар да бар. Чарбалык иштерАңчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук менен алектенишкен. Азыркы мезгилде айыл чарбасында жана токой өнөр жайында иштешет. ТарыхКоми-пермяктардын ата-бабалары Гляденов жана Роданов археологиялык маданияттарынын алып жүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Коми-пермяк урууларынын калыптануу процесси 5-6-кылымдарда башталган. МаданиятКудым-Ош жана Пере маданий баатырлары тууралуу эпикалык уламыштар кеңири тараган. БулактарТышкы шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia