КостарикалыктарКостарикалыктар (costarricenses, costarriqueños, ticos) — неороман эли, Коста-Риканын негизги калкы. Башка өлкөлөрдө да жашашат.
Испан тилинде (жергиликтүү вариантында) сүйлөшөт. Коста-Риканын испан тили Латын Америкасынын испан тилинин башка варианттарынан айырмаланат. Коста-Рика испан тилинин лексикасында индей тилдеринен кирген сөздөр аз. Тилде «-ico, -tico»
сыяктуу кичирейтүүчү суффикстер көп. Ошол себеп менен костарикалыктарды
«тикос» деп аташат.
Ишенгендердин басымдуу көпчүлүгү католиктер. Бир аз протестанттар бар (негрлер жана мулаттар).
Айыл жеринде калк плантация чарбасы менен алектенет. Кофе, банан, кант тростниги, ананас (2019 жылы экспорт боюнча дүйнөдө биринчи орун ээлеген), какао, жүгөрү өстүрүшөт.
Кол өнөрчүлүктүн келип чыгышы жарым-жартылай индей маданияты менен байланыштуу.
Аялдардын салттуу кийими — боо манжеттери менен жапыз блузка, узун жана кенен юбка, моюн орогуч. Эркектердики — түстүү көйнөк, галифе сымалдуу шым, бийик өтүк, моюн орогуч, саман шляпа.
Костарикалыктарда фольклор, уламыштар, элдик ырлар (бомбас) чагылдырылган. Улуттук бий — пунто, гитара менен маримбанын коштоосунда аткарылат (ксилофондун бир түрү). Булактар |
Portal di Ensiklopedia Dunia