Кыргызстандын эстелик монеталарыКыргыз Республикасынын Улуттук Банкы эстелик үчүн жана мааракелерге арналган тыйындарды, баалуу (алтын — 100 сом наминалында жана күмүш — 10 сом наминалында) жана жөнөкөй (Жез-Никель эритме кошулмалары менен — 1 сом номиналында) темирлерден, 1995-жылдан тарта чыгара баштаган. Ал кездеги эң биринчи тыйын «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. 2011-жылдын Аяк оона айына чейин 35 түрдөгү, анын ичинде 7 жез-никель кошулмалары менен, 26 күмүштөн (925 катардагы) жана 2 алтындан (999 катардагы) чыгарылган.
Баалуу эмес темирлерден жасалган тыйындар1 сом номиналындагы тыйындар жез-никель кошулмаларынын эритмесинен жасалган, салмагы 12 г, туурасы 30мм. «Кыргызстан Улуу Жибек жолунда» катарындагы тыйындар
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө — 20 жыл» катарындагы тыйындар
Күмүш тыйындар«Кыргызстан Улуу Жибек жолунда» катарындагы тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалып, сыртынан калыңдыгы 1 мкм болгон, 999 катарындагы алтын менен капталган, салмагы 28,28 г жана туурасы 38,60 мм
«Эл аралык тоо жылы» катарындагы тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалган, салмагы 28,28 г жана туурасы 36 мм
Чыңгыз Айтматовго арналып чыгарылган тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалган, салмагы 28,28 г жана туурасы 38,60 мм
ЕврАзЭШ арналган тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалган, салмагы 28,28 г жана туурасы 38,60 мм
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө — 20 жыл» катарындагы тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалган, салмагы 38,60 г жана туурасы 28,28 мм
Күмүштөн жасалган башка тыйындар10 сом номиналындагы тыйындар 925 катарындагы күмүштөн жасалган, салмагы 38,60 г жана туурасы 28,28 мм
Алтын тыйындар100 сом номиналындагы тыйындар, 999 катардагы алтындан жасалган, туурасы 22 мм
|
Portal di Ensiklopedia Dunia