Кыргызстандын 2017-жылдагы президенттик шайлоосуКыргызстандын президенттик шайлоосу — 2017-жылдын 15-октябрда өтөт. Тиешелүү токтомду 14-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алды. Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүн белгилөө жөнүндө" токтому жарыяланган соң БШК талапкерлерди каттоону баштайт. Президенттикке талапкер боло турган жаран шайлоочулардан 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп жана БШКга аны талапкер катары көрсөтүү боюнча партиянын съездинин чечимин алып келиши керек. Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 75 күн калганда, башкача айтканда, 31-июлда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого керектелүүчү чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекитти.Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур, калган 132,6 миллиону экинчи тур үчүн каралат. ШайлоочуларМамлекеттик каттоо кызматы 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын такталган, акыркы тизмесин берди. Президенттик шайлоодо 3 миллион 25 миӊ 768 жаран добуш берүүгө укуктуу. Мунун ичинен 2 миллион 908 миӊ 453 шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында кадимки каттоодо турган аймагынан шайлайт. Ал эми чет өлкөлөрдөн 18 580 жаран добуш бере алат. 98 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо тилкелеринен добуш берсе болот. Бул жылы 17 180 жаран шайлоочулардын тизмесинен чыгарылганы белгилүү болду: каза тапкандар - 16 687 жаран, Кыргыз жарандыгынан баш тарткандар - 493 жаран, 1974-1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөндөр 13 672 жаран[1] Талапкерлер
Шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia