Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатыКыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) (КЖТЖ) - 1989-1995-жылдары Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өкмөттүк эмес чыгармачыл уюм. Аны 1989-жылдын 3-июнунда Кыргызстандагы бир катар жаш тарыхчылар Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында негиздешкен. КЖТЖнын жобосунун (уставынын) кыргыз жана орус тилдериндеги долбоорун Тынчтыкбек Чоротегин даярдаган. Уюштуруу жыйыныЖыйынды уюштуруу жараянына жаш тарыхчылар Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Койчиев, Александр Тузов, Кубатбек Табалдиев, Айдарбек Көчкүнов, Дөөлөт Сапаралиев, Токторбек Өмүрбеков, Муратбек Кожобеков, Аалыбек Акунов, Адыл Кожобаев, Венера Койчиева, Динара Иманова, Алмаз Кулматов, Темир Асанов жана башка ошол кездеги бир катар жаш тарыхчы илимпоздор жандуу катышкан. Уюштуруу жыйынына жазуучу жана публицист, кыргыз тарыхын иликтөөнүн күйөрманы Түгөлбай Сыдыкбеков, даңазалуу манасчы Жусуп Мамай сый конок катары катышкан. КЖТЖнын бул уюштуруу жыйыны Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бейөкмөт уюм кыргызча жана орусча синхрондуу котормо жүргүзүү шартында өткөргөн уюштуруу жыйыны болуп калды. Ошол кезде мындай техникалык мүмкүнчүлүк Кыргызстан Жазуучулар Союзунун (Биримдигинин) жыйын залында гана болгон. Бул Биримдиктин төрагасы жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын орун басары Асан Жакшылыков КЖТЖга жыйынды бекер өткөрүүгө уруксат беришкен. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ошол учурдагы жетекчилиги бул жыйынды болтурбоого, кечеңдетүүгө аракет кылган, бирок кыргызстандык атактуу жазуучулардын жана коомдук ишмерлердин колдоосун сезген соң, кол жайып тим болгон. КЖТЖнын саясий ишмердүүлүгүКЖТЖга ошол кездеги тарых илимдеринин кандидаттары Дөөлөтбек Сапаралиев, Айдарбек Көчкүнов жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалык кылышкан. КЖТЖ 1989-1991-жылдардагы Кыргызстандагы саясий жараянга жигердүү катышкан. КЖТЖнын өкүлү (ал кездеги тзрага орун басары) Т. Чоротегин Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уставынын (жобосунун) долбоорун даярдап, 1990-жылы 25-майда КДКнын уюштуруу жыйынында анын жобосу боюнча баяндама менен чыккан. КЖТЖнын мүчөлөрү 1990-жылы октябрда ошол кездеги коммунисттик жетекчиликтин саясатына каршы ачкачылык иш-чарасына жандуу катышкан. КЖТЖ мүчөлөрү (Нарынбек Алымкулов, Кыяс Молдокасымов жана башкалар) 1990-жылдын күчүндө - 1991-жылдын башында Бишкек шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүү үчүн архивдик иликтөө жүргүзүүгө да катышкан. КЖТЖ 1991-жылы июлда "Өмүр көчү" жүрүшүнө да жандуу катышкан. Бул жүрүш Чүй өрөөнүндөгү Асылбаш айылынан башталып, Кемин, Балыкчы аркылуу өтүп, андан соң экиге бөлүнүп, анын бир тобу - Нарындагы Торугарт ашуусуна чейин, экинчиси - Ысык-Көлдөгү Бедел ашусуна чейин барган. Алар жер-жерлерде 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын тарыхый ролу жана орду тууралуу жаңыча түшүнүк тууралуу калайыкка маалымат беришкен. Жүрүшкө кыргыздар эле эмес, орус элинин өкүлдөрү (Виктор Черноморец ж.б) да жигердүү катышкан. КЖТЖнын илимий жана педагогдук иш-аракетиКЖТЖнын сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган жана талаш-тартыштуу темалар боюнча ырааттуу илимий талкуулар (дискуссиялар) жана жыйындар Бишкекте (Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде, Кыргыз улуттук китепканасында жана башка илимий чордондордо) жана башка шаарларда өткөрүлүп турган. КЖТЖнын көчмө жыйыны Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде да өткөрүлгөн. Аны уюштурууга жергиликтүү жаш илимпоздор Турсунбай Бакир уулу жана башкалар олуттуу көмөк көрсөтүшкөн. КЖТЖнын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана мүчөсү Кыяс Молдокасымов 1995-жылы Түркияда илимий сапарда болуп, орток түрк тарыхы боюнча окуу китебин түзүү жараянына катышкан. КЖТЖнын өкүлдөрү Т. Чоротегин жана Адылбек Кожобаев Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңыча мамиле камтылган окуу программасын даярдашып (аларды профессор А. Чукубаев колдоп берген), 1989-жылдын сентябр айында кыргыз жана орус тилдеринде жарыялашкан. КЖТЖнын атынан археолог Кубатбек Табалдиев археологиялык иликтөөлөрдү дээрлик жыл сайын жүргүзүп турган. Тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Ташын Кенесариев, Кыяс Молдокасымов, Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чоротегин, Арслан Койчиев жана башкалар КЖТЖнын колдоосу жана сунушу менен илимий эмгектерин жарыялашкан. Кийинки тагдыры1995-жылы ноябрда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын негизинде Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты (КТЖ) аттуу жаңы бейөкмөт коомдук бирикме - пост-советтик Кыргызстандагы жалпы (улуу жана кичүү муундардан турган) тарыхчы окумуштууларды баш коштурган илимий чыгармачыл уюм калыптанган. Бул чыгармачыл уюм 2011-жылдын этегине чейин иштеп келди. 2012-жылдын 11-февралында анын ордуна "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмеси негизделди. Адабият
Чороев Т.К. Фрунзеби? Бишкекпи? Жаш тарыхчылар аныкташат // Ленинчил жаш. – 1990. – 30-июнь.
Интернеттеги шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia