Кыргыз Республикасынын Баатыры«Кыргыз Республикасынын Баатыры» - Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2013-жылдын июнуна карата 22 Кыргыз Республикасынын баатырлары белгилүү. Жобосу"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-ильда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген. Бул жобо менен:
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамдардын энесине Баатыр эне ордени ыйгарылат. «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси алтындан жасалып, жогорку деңгээлдеги сегиз нур 40 мм айлананы, жана ылдыйкы деңгээлдеги он алты нур 30 мм айлананы түзүп, симметриялык жылдыз формасында жасалган. Нурлардын, чектеринин жана формасынын караандары тоо чокуларын жана ачылган тоо жоогазынын элестетет. Жылдыздын борбордук диски рельефтүү күмүш лавр жалбырагы менен чегеленген. Дисктин борборунда ыйык Ак-Шумкардын күмүштөн жасалган рельефтүү сүрөттөлүшү жайгашкан. Дөңгөчү, кызыл эмаль талаачасында түндүктүн рельефтүү сүрөтү тумар [1] формасында жасалган. КР баатырлары
Эскертүүлөр
Шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia