Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиКыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (КР УКМК) — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында милдеттерин аткаруучу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана атайын кызмат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергөө жана алдын ала иликтөө жүргүзүү, ыкчам-издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ. Комитеттин курамында аскердик, укук коргоо жана мамлекеттик жарандык кызматтар каралган. УКМК аскердик, кол, ок атуучу курал-жарактарды жана башка куралдарды алуу укугуна ээ болгон мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын катарына кирет[1]. Улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутуму комитеттин өзү жана ага баш ийген облустук, шаардык, райондук башкы башкармалыктар, башкармалыктар жана бөлүмдөрдөн турат. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, гуманизм, адам укуктарын урматтоо, башка мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүү принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн өлкө президенти жетектейт[1]. ТарыхыКыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынынын түптөлүшү Түркестан аймагында Советтик бийликтин орногон мезгилинен башталат. 1917-жылдын ноябрь айында Ташкенттеги бийлик, жумушчулардын жана аскер депутаттарынын Кеңешинин колуна өткөн. 1918-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда Советтик бийлик орногон. Ушул эле жылдын октябрь айында Жетисуу облусттук аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жана облусттук элдик комиссариаттын чечими менен өзгөчө тергөө комиссиясы түзүлүп, ноябрь айында Түркестан өзгөчө комиссиясы (ТӨК) болуп өзгөрүлөт. Бул уюмдун ишмердүүлүгү контрреволюцияга каршы күрөшүүгө багытталган болчу. Ошондой эле уюмдун негизги максаттарынын бири болуп басмачылык менен күрөшүү болгон. 1922-жылдын февралынан тартып ТӨКтүн милдеттери Ички Иштер Элдик Комиссариатына (ИИЭК (орус. НКВД)) өткөрүлүп, анын курамында Мамлекеттик Саясий Башкармачылык (МСБ) түзүлгөн. МСБнын алдына коюлган негизги тапшырмалардын катарына контрреволюция жана тыңчылар менен күрөшүү иштери кирген. Мындан тышкары чекисттерге ар кандай диверсиялар, контрабанда, бандитизм, жасалма акча чыгарчуучулар менен күрөшүү, ошондой эле кылмышкерлерди издөө жана мамлекеттик чек араны бекемдөө милдеттери берилген. Улуттук бөлүштүрүлөрдөн кийин, 1924-жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун МСБнын жергиликтүү бөлүмү түзүлөт[2]. Отузунчу жылдардагы мамлекеттик коопсуздук органдарынын тарыхы абдан кайгылуу болуп өтөт. СССРде репрессия толкуну күч алып, жүз миңдеген күнөөсүз адамдар мерт болот[2]. Фашисттик Германия жана анын сателлиттери менен Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышы улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгү жаңы баскычка өтүп, чекситтер бүт өзүнүн күчүн фашисттик баскынчылар менен күрөшүүгө жумшайт. Душмандын негизги максаттарына диверсия, теракттарды уюштуруу, улутчулдук жана сепаратисттик көрүнүштөрдү күчөтүү, басмачылык түзүлүштөрдү топтоо, Советтик Аскерге чакырууну үзгүлтүккө учуратуу, эл арасында утулуштук маанай жаратуу, колхоздорду кыйратуу, камдалган азык-түлүктү жок кылуу жана башка кирген. Ушундай оор кырдаалда чекситтер тарабынан душмандык тыңчы-диверсиялык топторун издөө жана жок кылуу боюнча көптөгөн контрчалгындоо иш чаралары өткөзүлгөн. Немец баскынчылары менен болгон согуш татыктуу жеңиш менен аяктаган[2]. Согуштан кийинки жылдары СССР чоң эмгек менен элдик чарбаны жандандырууга жетишип, социалисттик системаны дүйнөгө кеңири жайылтууга жетишет. СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук Комитети (КГБ) дүйнөдөгү эң күчтүү атайын кызматтардын бирине айланат. Чекисттер советтик социалисттик түзүлүштү кайтаруу жана коргоо менен ийгиликтүү иш алып барган[2]. Эгемендүүлүктү алгандан кийин биздин жаш өлкөбүздүн башына көптөгөн сыноолор түштү. Мамлекет өткүл мезгилдин оор процесстерин азыр да болсо өткөрүп жатат. Мындай жаңы шарттарда Кыргызстандын өз алдынча атайын кызматы Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын алдында өзгөчө тапшырмалар турат. Бул биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу иштери[2]. Түзүлүшү![]() Жетекчилиги
Булактар
Тышкы шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia