Маркиз аралдары

Маркиз аралдары.
Маркиз аралдары.

Маркиз аралдарыТынч океандын борбордук бөлүгүндөгү жанар тоо аралдарынын тобу, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,3 миң км2. Калкы 6 миңдей. Административдик борбору – Таиохаэ шаары. Эң бийик аралдары – Нукух Оива жана Хива-Оа. Маркиз аралдары жанар тоо атылыштарынан пайда болгон базальт жана туф тектеринен турат. Бийиктиги 1259 мге чейин. Климаты тропиктик, пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1000–2500 мм. Нымдуу тропик токою, бадалдуу саванна ээлейт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат.

Маркиз аралдарын 1595-жылы испан деңиз саякатчысы А.Менданья де Нейра ачкан; Перунун вице-королу маркиз Мендосанын ысмынан аталган. Хива-Оа аралында өмүрүнүн акырына чейин атактуу француз сүрөтчүсү П. Гоген жашап өткөн. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya