Палестина мамлекети
Палестина мамлекети (ар. دولة فلسطين — «Да́улят Филасты́н») — Жакынкы Чыгыштагы де-юре көз карандысыз жана жарым-жартылай таанылган, түптөлүү процессиндеги мамлекет. 2024-жылдын май айынын акырына карата алынган маалыматтар боюнча Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин ичинен 144 тааныган[1]. Кыргызстан — Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын 1995-жылдын 12-сентябрында тааныган[2]. Этимология«Палестина» аталышы — Израилдин Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги байыркы филистимдер отурукташкан бөлүгүнүн «Филистия» (евр. ארץ פלשת) аталышан келип чыккан. Арабтар 638-жылдан бери «Палестина» атылышынын арабча формасы катары «Фаластын» сөзүн колдонуп келишет. Британ мандаты учурунда «Палестина» аталышы мандат алдындагы аймакка бекитилген. Орто кылымдарга чейин «палестиналыктар» деп ушул аймакта отурукташкан бардык улуттардын өкүлдөрү атылып келишкен, ал эми орто кылымдарда «Палестина» деген сөздөн келип чыккан «палестиналыктар» аталышы ошол аймакта жашаган араб улуттундагы (палестина эли, палестинадагы араб эли) адамдарга карата колдонула баштаган[3][4]. 1994-жылы Израиль менен Палестинанынын бошотуу уюмунун ортосундагы Осло шаарында кол коюлган келишимдин натыйжасында Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газа тилкесин камтыган аймакта Палестинанын улуттук администрациясы түзүлгөн. Учурда Палестинанын улуттук администрациясы жана Израиль Иордан дарыясынын батыш жээгинин бир бөлүгүн гана көзөмөлдөйт, ал эми Газа тилкеси толугу менен ХАМАС кыймылы тарабынан көзөмөлдөнөт жана Палестинанын улуттук администрациясынан толугу менен көз каранды аймакка айландыруу пландалууда[5]. Палестинанын улуттук администрациясы Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын эл аралык деңгээлде таанууга умтулат[6]. «Ослодогу келишиминин» жыйынтыгы боюнча Израиль менен Палестинаны бошотуу уюму кол койгон документтерде «Palestinian Authority» («Палестина администрациясы») термини колдонулган[7]. ТарыхXIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында, бул аймакта улутчулдук сезимдер күчөгөн жана Палестиналык араб улутчулдук көз караштары да пайда боло баштаган[8]. Палестинадагы интеллигенция көбүрөөк автономияга жана өз алдынча башкарууга чакырыктарды жасаган[9]. Бул мезгил Осмон империясынын ичинде ар кандай саясий кыймылдардын түптөлүшүнө дал келген жана жаш түрктөр кыймылдын катышуучуларынын кысымынын негизинде айрым саясий реформалар жүргүзүлгөн. Бирок бул реформалар башка топтордун каршылыгына дуушар болуп турган[10]. XX кылымдын башында сионисттик кыймыл күч алып, Палестинада жөөттөрдүн мекенин түзүүнү көздөгөн кыймылдар күч алган[11]. Жөөттөрдүн иммиграциясы күчөп, сионисттик уюмдар жергиликтүү жер ээлеринен жерлерди сатып алууну башташкан. Осмон империясынын акыркы султаны Абдул Хамид II Палестинадагы сионисттик кыймылдын аракеттерине каршы чыккан. Осмон империясынын Палестинадагы башкаруусу Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы толугу менен аяктаган. Осмон империясынын Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүсүнөн кийин, 1920-жылы Палестинада Британиянын мандатын ишке ашыруу менен бул аймак толугу менен Британиянын көзөмөлүнө өткөн[12]. Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсүГеографиялык абалыАзыркы Палестина мамлекети экиге бөлүнгөн — Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа тилкеси. Палестина мамлекетинин карамагындагы аймактар Леванттын түштүгүндө жайгашкан. Газа тилкеси батышынан Жер ортолук деңизинин суулары менен чулганат, түштүгүнөн Мисир, түндүгүнөн жана чыгышынан Израиль менен чектешет. Иордан дарыясынын батыш жээги чыгышынан Иордания, түндүгүнөн, түштүгүнөн жана батышынан Израиль менен чектешет. Палестина мамлекетин түзгөн эки анклавдын бири-бири менен географиялык чек арасы жок, аларды Израиль бөлүп турат[13]. Геология![]() Газанын жээктеги түздүгү кум дөңсөлөрүнөн жана түшүмдүү кумдуу ойдуңдардан турат. Арабча куркар деп аталган, башка аймактарда кездешкен тешикчелуу акиташ, кумташтан жана башка тоо тектер жок. Ал эми Батыш жээкте жапыз тоолор басымдуулук кылат: Геризим тоосу (881м), Наби Самвил тоосу (890м) жана Скопус (826м) тоосу. Тоолордун курамы негизинен деңиз чөкмөлөрүнөн (акиташ жана доломит) турат. Бул тоо тектердин борпоң жана тешикчелүү болушу, жаан-чачын менен түшкөн суулардын чыпкалып жер астына сиңишине жол берип, көптөгөн суу сактагычтарды суулар менен камсыз кылат[14]. КлиматПалестинада абанын температурасы ысык келет. Батыш жээктеги климат негизинен Жер ортолук деңизинин климатына окшош, деңиз жээктеги климатка салыштырмалуу бир аз салкын. Батыш жээктен чыгышында Жөөт чөлүнүн көп бөлүгү жайгашкан жана климаты кургак жана ысык деп мүнөздөлөт. Жансыз деңиздин батыш жээги планетадага ысык жерлердин бири болуп саналат. Газаданын климаты ысык жарым кургак, кышы жумшак жана жайкысы ысык болот. Жаз март–апрель айларында туура келет, эң ысык айлары июль жана август, орточо жогорку температурасы 33 °C. Эң суук айы январь, орточо төмөнкү температурасы 7 °C. Жаан-чачын аз жана адатта ноябрь жана март айларынын ортосунда жаайт, жылдык жаан-чачындын көлөмү болжол менен 116 мм[15]. Суу ресурстары (гидрология)![]() Иордан дарыясы Палестинадагы эң чоң дарыя болуп саналат. Жакынкы Чыгыштын Жердин достору уюмунун билдирүүсүнө ылайык, бул дарыянын 96% таза суусу Израиль, Иордания жана Сирия тарабынан тиричилик үчүн колдонуу максатында каналдар же түтүктөр менен башка жактарга бурулуп кетет. Акыркы жылдары тазаланбаган агынды суулардын дарыяга куюуушунун көлөмү тез өсүп жатат[16]. ![]() Жансыз деңиз Палестинадагы эң чоң көл[17]. Арабча вади деп аталган бир катар кыска мөөнөттө аккан сайлар Иордан дарыясына же Жансыз деңизге батыш жээги аркылуу куят, анын ичинде Вади Ог, Вади Фаррах жана Вади Келт сайлары. Хадера агымы жана Вади Кабибага сайы Израилдин аймагы аркылуу Жер ортолук деңизине куят[18]. Флора жана фаунаПалестинада расмий түрдө улуттук парктар же корголуучу аймактар жок. Бирок Батыш жээкте экологиялык жана маданий мааниге ээ деп эсептелген жана жаратылышты коргоо боюнча иш-аракеттерге байланыштуу аймактар бар. Бул аймактар көбүнчө жаратылыш коруктары же корголуучу аймактар деп аталып келет. Батыш жээктеги Иерихон шаарынан алыс эмес аралыкта Вади-эль-Келт деп аталган уникалдуу флорасы жана фаунасы бар чөлдүү коругу жайгашкан. Корук өзүнүн татаал пейзаждары, табигый булактары жана Ыйык Георгий Хозевиттин монастыры сыяктуу тарыхый жайлары менен белгилүү[19]. Бул аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана табигый кооздугун коргоого аракеттер жасалууда[20]. Бул чөлдүү аймактарда төөлөр кеңири тараган.
Саясий түзүлүшү![]() Палестинада жарым-жартылай президенттик башкаруу системасы иштейт[21]. Палестина мамлекетинин негизги документи — Палестинанын көз карандысыздык декларациясы[22]. Өлкөнүн саясий түзүмү Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна (ПБО) мүчө болгон мекемелерден жана кызматтык орундардан турат, анын ичинде Палестина мамлекетинин президенти[23], Палестинанын Борбордук Кеңеши тарабынан дайындалган[24] Палестина улуттук кеңеши жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитети – тышта жүргөн Өкмөттүн функцияларын аткарат. Палестинанын башкаруу тутуму эки географиялык топко бөлүнөт. Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактар Палестина улуттук автономиясы тарабынан башкарылат жана Газа тилкесиндеги Палестинанын аймактары ХАМАСтын көзөмөлүндө. Административдик-аймактык түзүлүшү![]() ![]() Жарым-жартылай таанылган Палестина Мамлекети (же Палестинанын улуттук администрациясы) 16 мухафазадан (ар. محافظة — мухафаза) турат: Иордан дарыясынын батыш жээгинде 11 жана Газа тилкесинде 5 мухафазалары жайгашкан. Газа тилкеси де-факто ХАМАС террордук уюмунун башкаруусунун алдында.
Калкы2021-жылдын 26-майына карата Палестинанын статистикалык борборунун маалыматы боюнча, Палестина мамлекетинин 2021-жылдагы калкынын саны 5 227 193 адам болгон[26]. 2017-жылга карата дүйнөдөгү орточо калктын жыштыгы бир чарчы километрге 25 адам болгон, ал эми Палестинадагы бир чарчы километрдеги калктын жыштыгы 827 адам болуп, дүйнөдөгү эң калк жыш отурукташкан аймактардын бири кылат[27]. Палестинанын шаарларынын калкынын саны[26]:
Диний курамыӨлкө диний мааниси жана көптөгөн ыйык жерлердин мекени болуп саналат, дин өлкөнүн коомчулугун жана маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт. Ыйык жер деп эсептелген жердин бир бөлүгүн дагы өз курамына камтыйт. Палестинанын баш мыйзамда Ислам расмий дин деп айтылат, бирок башка диндерди урматтоого чакырып, дин тутуу эркиндигин да кепилдейт[28].
Булактар
Тышкы шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia