Резервациялар

Резервациялар, резерваттар – (коргоо, сактоо) – өлкөнүн аз сандуу түпкү калкын (АКШнын индейлери, Австралиянын аборигендери ж. б.) же башка топторду жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн аймак. Резервацияларда өзгөчө режим орнотулат, ал – расалык жана улуттук дискриминациянын бир формасы. Резервациялардын социалдык ролу кыйла карама-каршылыктуу, баштапкы учурда ал түпкү этносторду сырткы, бузгуч күчтөрдөн сактоо максатында түзүлгөн. Бирок, резервацияларынын айрымдарында аборигендер белгилүү даражада салттуу жашоо ыңгайын сактап турса, башкалары урук-уруу байланыштарын жоготкон, отурукташып жашоого өтүшкөн. Резервациялар эл аралык соопчулук уюмдардан жөлөк пул алып турушат.

Колдонулган адабияттар

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya