Рио-де-Жанейро

Рио-де-Жанейро.

Рио-де-ЖанейроБразилиянын түштүк-чыгышындагы шаар, Рио-де-Жанейро штатынын административдик борбору. Калкы 6,3 млн (2010; агломерациясы менен 12,1 млн). Эл аралык аэропорту бар. Гуанабара бухтасынын жээгиндеги порттон жылына 20 млн т жүк ташылат. Өлкөнүн банк-финансы, соода, илимий, маданий башкы борбору. Шаарда улуттук жана эл аралык компаниялардын (негизинен фармацевтика, нефть) кеңселери жайгашкан. Бразилиядагы компьютер ж. б. программаларды түзүүчү жай. Агломерациясында тамак-аш, химиялык, нефть-химиялык, фармацевтика, текстиль, эмерек, металлургия, кеме куруу өнөр-жай ишканалары жайгашкан. Туризмдин ири борбору.

Колдонулган адабияттар

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya