Сары-Таш (Алай району)
Сары-Таш — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай р-ндагы айыл. Сары-Таш айылдык аймагынын составына кирет. Алай өрөөнүндө, Талдык ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 3120-3200м бийктикте, Ош-Хорог автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 104 км, дубандын борбору Ош шаарынан 185км аралыкта. Сары-Таш тоо арасында деңиз деңгеелинен бийик жайгашкандыктан, климаттык шарты татаал, такай шамал согуп турат, жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 600мм. КалкыКалкы - 2337 киши[1]. Калкынын 42,9%-и эмгек жашына чейинкилер, 50,9%-эмгек жашындагылар, 6,2%-эмгек жашынан өткөндөр. Шаарчанын негизги функциясы - унаалык кызмат көрсөтүү. Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia