Саякбай Каралаев Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан. Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.
1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.
Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.
Самаганов Дж. (Био-библиографический справочник). Ф., "Кыргызстан", 1969. 644 с.;
Писатели Советского Киргизстана: Справочник /Авт.-сост. К. Ботояров, Р. Момунбаева; Сост. А. Макеева; Редкол.: Б. Рыспаев (гл. ред.) и др. - Ф.: Адабият, 1989. - 656 с.
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.