Түркстан генерал-губернаторлугуТүркстан генерал-губернаторлугу (орус. Туркестанское генерал-губернаторство) — Орусия империясынын курамагындагы аймактык-административдик бирдик.
Түркстан генерал-губернаторлугу Александр 7/нин атайын белгиленген 1867-ж. 11июлдагы буйругуна (толук түрдө - «Түркстан обл., 1866-ясылдан бери каратылган Ташкент району, Сыр-Дарыянын аркы өйүзү, Семипалатинск облусунун бир бөлүгү, Тарбагатай кырка тоосунун түштүгүндөгү жерлерде тез арада Түркстан генерал-губернаторлугун түзүү») ылайык, мурунку Туркстан облусунун (1865-67) ордуна түзүлгөн. Алгач Жети-Суу жана Сыр-Дарыя обл-тарын бириктирип, Согуш министрлигинин карамагына берилген жана борбору болуп Ташкент ш. тандалып алынган. 1868-ж. жаңы каратылган Ташкент шаарынын гүштүгүндө Заравшан округу (1887-жылдан Самарканд обл.), 1876-жылдан Кокон хандыгынын борбордук аймагында Фергана обл., 1897-жылдан мурунку Кавказ генерал-губернаторлугуна караштуу Каспий бою обл. кирген. 1886-жылдан расмий түрдө Түркстан крайы деп аталып, крайда согуш министрлигине баш ийген аскердик адм. башкаруу системаны орноткон (к. Кыргызстандын падышачылык мезгилдеги администрациялык бөлунушу). Падыша өкмөтүнүн колониалдык саясатын жүргүзүүгө ылайыкталган мындай адм.-аймактык түзүлүш Улуу Октябрь революциясынан кийин жоюлган. Колдонулган адабияттар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia