Түштүк сибирь тоолору

Түштүк сибирь тоолору - Сибирдин түштүгүндөгү тоолуу аймак.

Алтай, Салаир токол тоолору, Кузнецк Ала-Тоосу, Батыш Саян, Чыгыш Саян, Тыва, Байкал бою, Забайкалье тоолорун камтыйт; ошондой эле анын курамына тоо аралык өрөөндөр (Кузнецк, Минуса, Тыва, Тожа ж. б.) да кирет. Аянты 1,6 млн км2дей. Аймакта орто бийиктиктеги тоолор (800-2000 м) басымдуу; айрым кырка тоолор менен тоо массивдерине бийик тоолуу жана мөңгүлүү рельеф мүнөздүү. Эң бийик жери - Белуха чокусу (4506 м). Аймак өтө сейсмдүү. Түстүү жана сейрек кездешүүчү металл, таш көмүр, асбест кендери бар. Too капталдарын кызыл карагайлуу тоо-тайга жана ийне жалбырактуу токой (аймагынын 3/4үн), 2000-2500 жден бийик жерлерин тоо тундрасы жана альп шалбаасы, тоо арасындагы ойдуңдарды талаа ээлейт.

Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya