Шабданбай Абдыраманов
Шабданбай Абдыраманов (1930 – 1998) – кыргыздын белгилүү жазуучусу, романчы, драматург, акын, журналист, котормочу, педагог, коомдук ишмер. Кыргыз эл жазуучусу Өмүр баяныШабданбай 1930-жылы 24-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абад (мурдагы Ош ) облусуна караштуу Сузак районундагы Кыз-Көл кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1943-жылы айылдык мектепти бүткөндөн кийин колхоздо иштеген. 1949 – 1951-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мугалимдер институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, жөнөкөй мугалимдиктен мектептин директорлук кызматына чейин көтөрүлгөн. 1953 – 1958-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун сырттан окуп бүтөт. 1959-жылы Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген. 1961 – 1964-жылдары Москва шаарындагы Горький атындагы адабият институтунун алдындагы адабият курсунан окуган. 1966-жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн жооптуу катчысы, “Ленин жолу” газетасынын кабарчысы болуп иштейт. Мугалимдик кесибин аркалап жүргөндө эле анын “Сырдуу күмбөз”, “Көл тууралуу баян” аттуу эпикалык ырлары “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Адабияттын ыйык дарбазасын ачып, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, сөз өнөрүн өзүнө биротоло кесип кылып алган. Жазуучу чыгармачылык жайга 50-жылдарда келип кирди. Анын “Май түнүндө” аттуу алгачкы ырлар жыйнагы (1957), ага удаалаш эле “Каркыра” (1959) деген ырлар жана ырлар жыйнагы, “Тааныш адамдар” (1964), “Арстанбап аймагында” (1965), “Өкүм” (1966), “Ак жүрөк адамдар” (1973) деген прозалык чыгармалары басмадан жарык көргөн. Шабданбай чыгармалары орус тилинде бир нече жолу жарыкка чыккан жана боордош элдердин тилдерине да которулган. Анын кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал чыгаан романчы. “Гүлазык” (1976), “Дыйкандар” (1977), “Тагдыр” (1980), “Жашыл аалам” (1982), “Токуучулар” (1985), “Турмуш сырлары” (1988), “Дыйкандар” (1991) деген романдары бар. 20дан ашык китеби басмадан чыккан. Жазуучу “Жашыл аалам” романында Арстанбаптагы уникалдуу жаңгак токою жөнүндө сөз кылып, жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза сактоо, жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү тууралуу проблемаларды көтөргөн, ал экология темасына арналган чыгарма. Шабданбай доор үнүн сезген публицист, котормочу драматург катары да белгилүү. Анын “Кайыптын карды ооруганда”, “Коркунучтуу оору”, “Үркүнбай үйлөнгөндө”, “Токуучулар”, “Тагдыр нугу”, “Кадамжай окуясы” аттуу драмалары жана комедиялары элдик жана профессионалдык театрлардын сахнасында коюлуп, көптөгөн театр көрүүчүлөрдүн купулуна толду. “Топ жылдыз” деген либреттосун жаратты. Чыгыш акыны Саадинин, орус акындары С. Маршактын, Н. Тихоновдун чыгармаларын которгон. Жазуучу “Домоктун кылычы”, “Токтогул”, “Чыйбыл болуш”, “Aнжиян көтөрүлүшү”, “Алымбек датка” сыяктуу драмаларды жана тарыхый эсселерди жазган. Өмүрүнүн соңку жылдары жазган “Арман” романы, “Ак Мактым” баянын чыгарууга үлгүрбөй кетти. Эмгеги бааланып Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. Ал 1998-жылы дүйнөдөн кайткан. Кѳзү ѳткѳндѳн соң, 1898-жылдагы Анжиян кѳтѳрүлүшү жана Чыйбыл болуштун тарыхына байланыштуу «Тарыхтагы ак тактар» атуу чыгармасы жарыкка чыккан. ЧыгармаларыКыргыз тилинде
Орус жана башка чет тилдерде
КотормолоруСаади М. Гулстан: Ырлар, проза. — Ф.: Кыргызстан, 1983.— 224 с. Сыйлыктары. НаамдарыКыргыз эл жазуучусу (1995). Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia