Бутанаев Виктор Яковлевич (Астайбек)Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев (1946-жылы 12-мартта туулган - 2023-жылы 5-июнда каза болду[1]) – Орусиядагы чыгыш таануучу; хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илиминин доктору. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006). "Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу. ![]() Кыскача өмүр таржымакалыВиктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев 1946-жылы 12-мартта советтик аскер кызматында иштеген хакас тегиндеги Яков Николаевич Бутанаевдин бүлөсүндө Камчаткада (Орусиянын Ыраакы Чыгышында) туулган. Атасы Яков (хакасча аты – Алабарс) Улуу ата мекендик согушка катышкан, учкуч болгон. "Бутанай" – кыргызча “бото” (төөнүн ботосу, боточосу) деп которулат, ал эми “Астай” сөзү “бак-таалайлуу” жана “жолдуу” дегенди туюнтат. Атасынын ысымы болсо “Алабарс”, бул - “арстан” дегенди туюнтат. 1964-1969-жылдары Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Ташкен мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде таалим алган. 1969-жылдан тартып Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы Хакас өлкөм таануу музейинде этнограф болуп иштеген. 1970-72-жылдары Орусиянын Приморье чөлкөмүндө (край) Иман шаарында аскердик кызмат өтөгөн. 1972-92-жылдары Хакасия Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтундагы тарых бөлүмчөсүндө ага илимий кызматкер болуп иштеди. Улуттук “Тун пайрам” аттуу майрамды калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон (1980-жыл). Кийинчерээк Хакасиянын улуттук гербинин долбоорун түзүүгө да катышты. 1983-жылы Новосибирск шаарында кандидаттык диссертациясын этнография тармагында жактады. Темасы: “ХIХ к. – ХХ к. башындагы хакас айылынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” («Социально-экономическое развитие хакасского аала в конце ХIХ-начале ХХ в.»). 1991-94-жылдары Орусиянын Сибир бөлүмүнүн Филология институтунда фольклор бөлүмчөсүндө (Новосибирск шаарында) этнограф катары эмгектенди. 1993-жылы Новосибирскиде Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн Археология жана этнография институтундагы Окумуштуу кеңешинде тарых илиминин доктору наамын алуу үчүн доктордук диссертациясын жактады. Темасы: “Хакастардын этностук маданияты жана алардын тарыхый өнүгүшүнүн негизги баскычтарын калыбына келтирүү көйгөйлөрү” («Этническая культура хакасов и проблемы реконструкции основных этапов их исторического развития»). 1993-жылдан тартып Абакан шаарында Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин Илим изилдөө бөлүмүндө Этнография лабораториясы ачылып, Бутанаев анын жетекчиси болуп дайындалды. 1994-2011-жылдары аталган университеттин Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасын жетектеп келди. 1994-жылы Монголияда илимий сапарда болду. Кыргыз-Нор көлүн кезди. Абаканга келген кыргыз тарыхчылары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапарлар уюштурду. 1988-2015-жылдары Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болду. Ар кыл кыргыз университеттеринде дарстар окуду. Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишти. Виктор Яковлевич Бутанаев 2023-жылы 5-июнда таңда Абакан шаарында жүрөгүнөн кармап каза болду. [2] Үй-бүлөсүЖубайы – Ирина Исаевна (Эркине) Бутанаева. Ал – хакас тили жана фольклору боюнча адис, илимпоз. Уулу – Азархан (түрколог), кыздары – Дарига, Алангоа. Илимий жана башка коомдук наамдары1994-жыл - Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү. 1995-жыл – Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын) ардактуу мүчөсү. 1998-жыл – Түркологдордун эл аралык жамаатынын президиумунун мүчөсү (Түркстан шаары, Казакстан). Сыйлыктары1996-жыл – Хакас мамлекеттик университетинин профессору наамын алды. 1999-жыл – И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш тилдери жана маданияттары институту тарабынан бул институттун ардактуу профессору наамы ыйгарылды. 2002-жылы Кыргызстандын “Даңк” медалы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Түрксой” уюмунун алгачкы Эл аарлык сыйлыгына татыды. 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды. 2006-жылы “Тыва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору” наамы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Орусиянын кесипкөйү” («Профессионал России») медалы менен сыйланды. 2006-жылы "Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды. 2008-жылы ал хакастар жана фу-йү кыргыздары тууралуу соңку китептери үчүн жалпы орусиялык жогорку окуу жайлардын окуу китептер конкурсунун диплому менен сыйланды. Эмгектеринин кыскача тизмеси
Кыргызстандагы ал тууралуу адабият
Кыргызчага которулган эмгектери:
Айрым интернеттик шилтемелер
Ички шилтемелер |
Portal di Ensiklopedia Dunia