Жерге-Тал (Ак-Талаа району)
Жерге-Тал — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет. ААББТ коду — 41704 210 819 02 0[2]. ТарыхАйыл 1910-жылы түптөлгөн. Айылга калк 1985-жылдан тартып жигердүү отурукташа башташкан. Калктын көпчүлүк бөлүгү Чолок-Кайың айылынан, азыраак бөлүгү Кош-Дөбө айылынын келип отурукташкан[булак?]. ГеографияАйыл райондун түштүк-батышында, Алабуга дарыясынын оң жээгинде, райондун административдик борбору — Баетов айылынан 67 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен абсолюттук бийиктиги — 2200 м[3]. КлиматКлиматы кескин континентталдык, кышы суук, карлуу жана жайы салкын. Июль айынын орточо температурасы +22 градус, январь -11. Жаан-чачын орточо 310 мм жаайт[булак?]. ИнфратүзүмАРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу, 2021-жылы 50 орундуу «Аруу-Нур» бала бакчасы курулган. Анын курулушуна 17 399 330 сом каржыланган, бул каражаттын ичинен 16 млн 703 миң сом долбоор тарабынан каржыланса, 696 миң сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жана айылдын жашоочулары тарабынан берилген[4]. Калк
Галерея
Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia