Кош-Дөбө (Ак-Талаа району)
Кош-Дөбө — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет. ААББТ коду — 41704 210 820 01 0[2]. ТарыхыКош-Дөбө айылы 1929-жылы негизделген. Бул айыл жайгашкан өрөөн мурда «Мынакелди» деп аталган. 1929-жылга чейин эл уруу-уруу болуп, ар кайсы кокту-колоттордо чачырап жашаган[3]. Совет бийлиги 1926–1927-жылдары кедей дыйкандарды уюштуруп, «ТОЗ» (жерди ортоктоштуруп иштетүү) жана «Артель» түзүү иштерин баштаган. Ушул мезгилде өрөөндө коммунисттик партиянын жана комсомол уюмдарынын түптөлүшү жүргөн[3]. Алгач айылга 29 түтүн бириктирилип, расмий айыл түзүлгөн. Биринчи айыл башчысы болуп Кыдыралиев Күрөңкөй дайындалган[3]. 1932-жылы түтүндүн саны 190го жеткен. 1933-жылы ТОЗ жоюлуп, «Кош-Дөбө» жана «Съезд» колхоздору уюшулган. Революция жеңип бийлик Советтерге тийгенден кийин, ар кайсы жерлерде айылдык кеңештер уюшула баштаган. 1934-жылы «Мыкаачы» айылдык кеңеш уюшулуп, буга Ак-Чийден баштап Кош-Дөбөгө чейин кошулган бир айылдык кеңеш болгон. 1936-жылы Кош-Дөбө айылдык кеңеши болуп түзүлүп, төрагалыгына куланактык Атамкулов, катчылыгына Моңолов шайланган. «Съезд» менен «Кош-Дөбө» колхоздору биригип, «1-Май» колхозу болуп 1940-жылы уюшулуп, «Съездеги» элди Кош-Дөбөгө көчүрүп келген[3]. 1937-жылга чейин Ак-Талаа, 1937–1962-жылдарда Тогуз-Торо, 1963-жылдан кайрадан Ак-Талаа районунун карамагында болгон. ГеографиясыНарын – Макмал жолунун боюнда, райондун борбору Баетов айылынан 90 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 220 чакырым, Балыкчы темир жол бекетинен 420 чакырым, Бишкек шаарынан 580 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Түштүгүнөн Өзгөн, түштүк-батышынан Сузак, түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Тогуз-Торо райондору менен чектешет. Чыгыш тарабынан Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн жалпы аймагы 976 чакырым. Айыл чарбасына жарактуу жери 53 357 га, анын ичинен айдоо аянты – 1450 га[3]. КалкыКалкы - 3530 киши.[1] Галерея
Булактар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia