Испаниялык Виргин аралдары

Испаниялык Виргин аралдары (англ. Spanish Virgin Islands, исп. Islas Vírgenes Españolas) — Виргин аралдары архипелагындагы аралдар тобу.

Аянты — 167 км². Административдик жактан Испаниялык Виргин аралдары Пуэрто-Рикого таандык[1].

Тарыхы

Кулбера маягы

Вьекес аралындагы археологиялык иштер бул аймакта индей элдери Түштүк Америкадан болжол менен Христофор Колумб келгенге чейинки мезгилден 1 500 жыл мурун келип отурукташканын далилдейт. Вьекестин тургандары таино элдеринин тобунун өкүлдөрү болгон. Испаниялыктар аралдарга отурукташа башташганда, бул калк катуу каршылык көрсөтүшкөн.

1493-жылы Христофор Колумб Америкага болгон экинчи сапарында Кулебра аралын ачкандыгы документтештирилген. Бул аралдын алгачкы тургундары таино элдеринин тобунун өкүлдөрү жана кийинчерээк кариб индейлери болгон деп эсептелет. Кулебра аралына 1511-жылдагы испандарга каршы көтөрүлүш учурунда жеңилген таино элдеринин тобунун өкүлдөрү көчүп барышкан.

XVII–XVIII кылымдарда Вьекестен алыс эмес жайгашкан Британияга таандык Тортола, Ангилья, Сент-Китс жана Невистен келген англичандар бул аралда бир нече жолу отурукташууга аракет кылышкан. 1688-жылы жана кийинчерээк 1717-жылы англичандар Вьекести колониялаштырууга аракет кылып, кичи конуштарды, аскерий чептерди, жергиликтүү өкмөтү түзүшүп, дыйканчылык иштерин башташкан. Бирок Пуэрто-Риконун испан губернатору аскерий күч жөнөтүп, англиялык баскынчыларды кууп чыккан жана аралда испандар үстөмдүк кылуусун улантышкан.

1875-жылы Испан бийлиги Кулебра аралын отурукташтыруу аракетин баштаган. Бирок бул иш аракет 1880-жылда гана ишке ашып, Сан-Идельфонсо-де-ла-Кулебра шаары негизделип, аралга испандар отурукташа баштаган.

Пуэрто-Рико сыяктуу эле, бул аралдар 1898-жылга чейин Испанияга таандык болгон. 1898-жылдын 19-сентябрында АКШ менен Испаниянын ортосундагы согуштук аракеттерди токтоткон келишимге кол коюлгандан кийин АКШ бул аралдарды өз карамагына алган. Кийинчерээк 1898-жылдын 10-декабрында кол коюлган Париж келишими менен Испания расмий түрдө Пуэрто-Рико, Мона, Монито, Десечео жана башка чакан аралдарды АКШга өткөрүп берген[2].

1903-жылы АКШ өкмөтү Кулебра аралындагы мурдагы Испан бийлигине тиешелүү болгон жерлерди АКШнын деңиз аскерлери үчүн сактап калган. Ошол учурда АКШ аскерлери Сан-Идельфонсо-де-ла-Кулебра конушун толук көзөмөлгө алып, тургундарын чыгарып, аларды Бахия-Сардинас деген чакан аймакка көчүрүшкөн. Бул жерди кийин испан-америка согушунун баатыр-адмиралынын урматына Дьюи деп аташкан.

1941-жылдын 17-мартында Вашингтондо №13-мыйзам кабыл алынып, Вьекес базасын курууга 35 миллион доллар бөлүнгөн. Ошол эле жылы 25-августтунда кабыл алынган №247-мыйзамы АКШнын деңиз флоту Вьекестеги экспроприациялануучу жерлерди дароо өз ээлигине алууга уруксат алган. Бул мыйзамдын негизинде Вьекес аралынын 13 миң гектар жеринин 11 миң гектар жери 1940-жылдардын аягына чейин АКШнын аскерлери тарабынан өздөштүрүлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, Вьекес аралы АКШнын деңиз флоту үчүн негизги артиллерия жана бомба таштоочу машыгуу аймагына айланган. Бул максатта арал 2003-жылга чейин колдонулган.

Географиясы

Испаниялык Виргин аралдары Пуэрто-Риконун чыгышындагы Виргин кысыгында жана Америкалын Виргин аралдарынын батышында орун алган. Курамына эл жашаган эки чоң Вьекес жана Кулебра аралдары жана көптөгөн майда аралдар кирет.

Аралдардын көпчүлүк бөлүгүндө туристтердин кирүүсү чектелген Вьекес жана Кулебра коргоого алынган аймактар жайгашкан[3][4].

Булактар

Тышкы шилтемелер

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya