Сент-Винсент жана Гренадиндер
Сент-Винсент жана Гренадиндер (англ. Saint Vincent and the Grenadines) — Кариб деңизиндеги аралдарда жайгашкан, Улуттар Шериктештигинин курамындагы көз карандысыз мамлекет. Аймагы Сент-Винсент аралынан жана Кичи Антиль архипелагында Гренадин аралдар тобундагы 32 майда аралчалардан турат. Тарыхы![]() ![]() Сент-Винсент аралы 1498-жылы 22-январда Христофор Колумб тарабынан ачылган. Бул күн Ыйык Винсенттин күнү болгондуктан, арал Сент-Винсент аталышын алган. Арал европалыктар тарабынан ачылган учурда, аралдарда байыркы элдер тарабынан мекенделип келген. Алгач аралга III кылымда Түштүк Американын аймагынан аравак индейлери көчүп келишкен. Кийинчерээк аларды кариб индейлери басып алышкан[1][2]. Испан колонизаторлору аралга ээлик кылууга аракет кылышкан, бирок карибдер катуу каршылык көрсөтүшкөн. Испандар 1627-жылга чейин аралда үстөмдүк кылышкан. Кариб индейлеринин каршылыгы башка аймактарга салыштырмалуу кыйла узак убакытка созулуп, XVIII кылымдын ортосунда гана басаңдаган[2]. XVII–XVIII кылымдар ортосунда арал Франция менен Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1719-жылдан баштап француздар бул аралдарга африкадан кулдар алып келинип, кофе, тамеки, индиго жана пахта өстүрө башташкан. Африкадан алынып келинген кулдар менен жергиликтүү индейлердин ортосундагы никенин натыйжасында «кара карибдер» (гарифуна) деген аталыштагы этникалык топ пайда болгон[2]. 1763-жылы Улуу Британия аралды басып алган. 1783-жылы Версаль тынчтык келишиминин негизинде Сент-Винсент расмий түрдө Британиянын колониясына айланган. Плантациялар кеңейип, кулдарды алып келүү уланган[2]. 1795-жылы француздар карибдердин көтөрүлүшүн колдоп, көптөгөн англиялык тургундар өлтүрүлгөн жана плантациялар жок кылынган. Бирок 1796-жылы британ аскерлери аралды кайра басып алып, 5 миңден ашуун кара карибдерди Гондураска сүргүнгө айдашкан. 1834-жылы Улуу Британия кулчулукту жойгондон кийин, аралдагы плантацияларда иштөө үчүн Индия менен Португалиядан жалданма жумушчулар тартылып, аралдагы калктын этностук жана расалык курамынын ар түрдүүлүгүнө алып келген[2]. 1838-жылы Сент-Винсент Британиянын Шамалду аралдар колониясынын курамына кирген. Кулчулуктун жоюлушу жана табигый кырсыктар аралдын экономикасына терс таасирин тийгизген[2]. 1951-жылы жалпы элдик шайлоо укугу киргизилген. 1958–1962-жылдары Сент-Винсент жана Гренадиндер Батыш Индия Федерациясынын курамында болгон. 1969-жылы өлкө «ассоциацияланган мамлекет» макамын алып, ички өз алдынчалуулукка жетишкен. Толук көз карандысыздык 1979-жылдын 27-октябрында жарыяланган[2]. 2009-жылы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн, анда монархтын бийлигин парламенттик системага алмаштыруу сунушу көпчүлүк добуш менен колдоо тапкан эмес[3]. 2020-жылы премьер-министр Ральф Гонсалвеш өз партиясы менен бешинчи жолу шайлоодо жеңип чыккан. 2021-жылдын апрелинде Суфриер жанар тоосу атылып[4], 16 000ге жакын адам жер которууго аргасыз болушкан. ГеографиясыСент-Винсент жана Гренадиндер — Кариб деңизиндеги Кичи Антиль аралдарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан аралдык мамлекет. Ал Сент-Винсент негизги аралы менен Гренадиндер архипелагынын түндүк бөлүгүн камтыйт. Сент-Винсент жана Гренадиндер Кариб деңизи менен Атлантика океанынын чектешкен жеринде жайгашкан. Түндүгүнөн Сент-Люсия, чыгышынан Барбадос, түштүгүнөн Гренада, ал эми түштүк-чыгышынан Тринидад жана Тобаго, ошондой эле Венесуэла менен деңиздик чек арасы аркылуу чектешет[5]. Мамлекет 389 км² аянтты ээлейт, анын ичинен 344 км² Сент-Винсент аралына туура келет. Гренадиндер архипелагы 32 чакан аралдардан турат, алардын ичинен тогузунда гана калк отурукташкан (Беккуия, Мустик, Каноуан, Юнион, Палм аралдары ж.б.)[5]. Сент-Винсент аралы жанар тоонун актикдүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон. Аралдарын жээги кууш бөксө тоолордон турат, жээктеринин шамалдуу тараптары аскалуу жана жарлуу келет, ал эми шамалсыз тараптарынын жээги дээрлик жалпак кумдуу жээктер жана булуңдар менен мүнөздөлөт[5]. КлиматыСент-Винсент жана Гренадиндердин климаты тропикалык жана деңиздик болуп саналат, жыл бою жылуу жана нымдуу аба ырайы менен мүнөздөлөт. Климаттык шарттар аралдардын географиялык жайгашуусуна жана рельефине жараша өзгөрүп турат[6]. Жылдык орточо абанын температурасы 26,8°C түзөт, ал эми жээк аймактарында 27°C чамасында болот. Түнкүсүн абанын температурасы кээде 26°Cден жогору көтөрүлүп, ысык түндөр менен коштолот[6]. Кургак мезгил январдан апрелдин ортосуна чейин созулат, салыштырмалуу салкын жана кургак аба ырайы менен мүнөздөлөт. Нымдуу мезгил июндан декабрга чейин уланат, бул мезгилде аба ырайы ысык, нымдуу жана жаан-чачын көп болот. Сент-Винсент аралында жылдык жаан-чачындын көлөмү 2000 ммден ашат, ал эми тоолуу аймактарда 3800 ммге чейин жетет. Гренадиндерде жаан-чачын аз болуп, жарым-жартылай кургак климат мүнөздүү. Нымдуу мезгилде, айрыкча сентябрда, жаан-чачындардын саны жогорулап, айына орточо алганда 11 күн бою жаан жаайт[7]. Январь айы эң ачык асмандуу ай болуп болуп, асман 53% учурда ачык же жарым-жартылай булуттуу болот. Октябрь айы эң булуттуу мезгил болуп, күн 70% учурда бүркөлүп турат. Жыл ичинде күндүн узактыгы 11 саат 21 мүнөттөн 12 саат 54 мүнөткө чейин өзгөрөт, бул тропикалык аймактар үчүн типтүү көрүнүш. Жылдын көпчүлүк мезгилинде шамал чыгыштан согуп, орточо 15,1 км/саат ылдамдыкта болот. Эң шамалдуу мезгил ноябрдан августка чейин созулат, ал эми эң шамалсыз мезгил сентябрда байкалат[7]. Суунун температурасы жыл бою 26°Cден 29°Cге чейин өзгөрөт, сентябрь айында суунун температурасы эң жогорку көрсөткүчкө жетет[7]. Саясий түзүлүшүСент-Винсент жана Гренадиндер Улуу Британиянын падышасы жетектеген Улуттар Шериктештигиндеги конституциялык монархия. 1979-жылы кабыл алынган конституция өлкө эгемендик алгандан бери күчүндө. Мамлекет башчысы улуу британиянын падышасы, анын өкүлү болуп генерал-губернатор саналат[8]. Аткаруу бийлигин генерал-губернатор бекиткен премьер-министр жетектейт. Премьер-министр болуп шайлоодо жеңип чыккан саясий партиянын лидери дайындалат. Мыйзам чыгаруу бийлиги Жыйындар палатасы деп аталган парламентке таандык. Парламент генерал-губернатор дайындаган 6 сенатордон, шайлоодо жеңип чыккан саясий партиянын 4 мүчөсүнөн, оппозициянын 2 өкүлүнөн жана калк тарабынан 15 жылдык мөөнөткө шайланган 5 депутаттан турат[9]. Административдик-аймактык түзүлүшүСент-Винсент жана Гренадиндер административдик-аймактык жактан 6 коомчолорго (англ. parish) бөлүнөт. Алардын бешөө негизги аралы болгон Сент-Винсент аралында жайгашкан, ал эми алтынчысы Гренадин архипелагынан калган кичинекей аралдардын аймактарын камтыйт.
Булактар
Тышкы шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia