Көңүл буруңуз! жогорудагы архив калыбын өчүрбөңүз, ал архивтерге шилтеме берип турат, сиздерге баары ыңгайлуу болуусу үчүн архивке сактап койгонмун..жаңы баарлашуу калтыруу үчүнү ↓ төмөн жагынан баштай бериңиз
Соңку пикир: 2 ай мурун2 пикирТалкууга 2 адам катышууда.
Саламатсызбы, мен сиз рувикидеги баракчаңыздагы Кыргыз Википедиясында администратор болгуңуз келгенин көрдүм. Балким, сиз администратор болгонго сунуктайм, жетиштүү болот сыяктуу 5 добуш. Incalltalk07:16, 21 апрель 2025 (UTC)Жооп берүү
Thank you for joining us in celebrating the 10th year of Wikipedia Asian Month!
We truly appreciate your contributions, and we look forward to seeing more articles about Asia written in different languages.
We also hope you continue to participate each year!
Sincerely, Wikipedia Asian Month User Group
Калыптар боюнча жардам сураймын
Соңку пикир: 2 ай мурун2 пикирТалкууга 2 адам катышууда.
Саламатсызбы, мен сизге жардам сурап кайрылып жатам. Калыптарды кошууда бир ниче кыйынчылыктарга душаар болуп, ачык булактардан Кыргыз Викисинде калыптар кандай иштеши/кошулушу жөнүндө маалыматтарды таппай жатамын.
Эгерде убактыңыз жана мүмкүнчүлүгүңүз болуп калса Арал калыбын оңдоого жардам берип коюңузчу. Калыпты даярдадым бирок координаталарды кошууда, толтурулган гана пункта көрсөтүүнү жасай албай мен буйшайман болуп жатам.
Саламатсызбы, учурда калып боюнча изилдөөлөр жүрүп, сунуштар түзүлүп жаткандыктан, түзөтүү ишин кийинкиге калтыра турсак жакшы болмок. Эң алгач, калыптын талааларын бирдиктүү кылып, аталыштарын жамаат добуш берүү менен чечип алса, балким ботторду жардамга киргизип калышыбыз мүмкүн же болбосо кол менен оңдоо иштери аяктаганда,эң биринчи сиз сунуштаган {{Арал}} калыбына эксперимент жүргүзөбүз... Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 19:05, 21 май 2025 (UTC)Жооп берүү
Макалалардын өчүрүлүшү боюнча
Соңку пикир: 2 ай мурун2 пикирТалкууга 2 адам катышууда.
Саламатсызбы, Абдырашит!
Википедиянын колдонуучусу катары менин бир топ укуктарымды өзүңүздүн фактылар менен жакталбаган пикириңиз менен бузбооңузду сурана кетмекчимин! Көрүшүм боюнча которулган макалалардын бирөөсүн да окуп чыкпаптырсыз, өчүрүлөр ар бир мүнөт сайын болуптур. Эмнеге сиздердин катарга жаңы кирип жаткан, кыргызча Википедиянын өнүгүүсүнө кызыкдар, адамдардын шагын сындырып, жардам көрсөтүп, колдоо көрсөткөндүн ордуна, түшүнүксүз бир да мээнетти баалабай өчүрүп салдыңыз, түшүнө албай турам. Сураныч, объективдүү жооп бере кетиңиз жана адамдардын эмгегин сыйлоого чакырым кетмекмин, жана сизден кенен жооп күтөм. Anayua (баарлашуу) 07:59, 21 май 2025 (UTC)Жооп берүү
Саламатсызбы, Кыргыз Википедиясына кош келиңиз...
Эң алгач эле сурайын дегеним, сиздин кайсыл укугуңуз бузууга учурады, көрсөтүп бере аласызбы?. Ал эми, сиздин "жакталбаган пикир" - деген, жеке оюңузду түшүндүрө кетсеңиз жакшы болмок, эмнеге таянуу менен андай көз карашта калдыңыз?.
Макалаларды өчүрүү төмөнкү негиз боюнча өчүрүлдү:
Негизи: Макалага тез өчүрүү калыбы коюлган ({{delete}}), калыпта булактардын жоктугун ошондой эле макала машиналык котормо экендиги көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгы:Калып туура коюлган, чындыгында булактар көрсөтүлбөгөн, машиналык котормо.
Эреже М2: |Толугу менен кыргыз тилинде болбогон же машина менен которулган макалалар|
Толугу менен кыргыз тилине которулбаган макалалар, эгерде алар жакын арада кыргыз тилине которулбаса. Ошондой эле түзөтүүгө болбой калган машина котормосун камтыган макалалар да тездик менен өчүрүлүүсү мүмкүн.
Сунуш: Макалаларда грамматикалык жана орфографикалык каталар өтө көп аны оңдоп чыгуу бир канча түйшүк жаратат, ошол себептүү көпчүлүк колдонуучулар катасы көп макаланы оңдоп чыгууга караганда, жаңы макала түзүүнү ыңгайлуу көрүшөт. Сиз алгач бир макаланы аяктап андан кийин экинчи макаланы баштасаңыз жакшы болмок же болбосо ({{Түзөтүлүүдө}}) калыбын коюп коюңуз, мындай жол менен башка колдонуучуларга макала бүтө электигин маалымдайсыз, ошол эле оңдолуп жаткан макала төмөнкү категорияга кошулат:Учурда активдүү түзөтүлүп жаткан барактар. Мисалы:Трансгендердик өзгөрүү 14-май 2025-ж. машиналык котормо бир да оңдоп түзөө болгон эмес. Камиң-аут 2 оңдоо: Машиналык котормодо ар экинчи сүйлөмдүн башталышында "ал" - деген сөз көп колдонулган. Жалпысынан сиз түзгөн 8 макала өчүрүлүптүр, андагы тесттер сакталуу боюнча калат ал эми макаланы кайра ордуна кайтарууга болот, бирок мындай аракет оң жыйынтык берет дегенден алысмын, албетте википедияда "идеалдуу макала түзүү керек" - деген эреже жок, андыктан колдонуучулар каалагандай макала түзүүгө болот, анткен менен макала тез өчүрүүгө сунушталса, кайрадан өчүрүлүшү мүмкүн. Макала википедияда калуу үчүн минималдуу сунуштарды аткарганыңыз туура болот. Википедия:Негизги принциптер... Ишиңизге ийгилик Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 18:47, 21 май 2025 (UTC)Жооп берүү
Файл киргизүү
Соңку пикир: 23 күн мурун4 пикирТалкууга 2 адам катышууда.
Ассаламу алейкум! Мен футбол клубдар жөнүндө макалаларды түзүп баштадым. Логотиптерин кошоюн дегенде Википедияга файлын киргизип туруп кошуш керек. Файл киргизе албадым, администраторлор гана киргизе алат экен. Ушул жерин карап бериңиз деп суранам. Arsensky (баарлашуу) 08:15, 5 июль 2025 (UTC)Жооп берүү
Саламатсызбы, албетте макалаларды чеги жок түзөтө берсеңиз болот, ал эми файл жүктөө боюнча, тилекке каршы мындай мүмкүнчүлүктөр кыргыз тил бөлүмүнөн убактылуу алынып салынган, колдонуучуларга жүктөө укугун берүү, убактылуу администраторго байланбаган, тагыраагы стюарддардын көзөмөлүндө, ошондой эле мүмкүнчүлктөрдү жаратуу интерфейс администраторго тиешелүү... ишиңизге ийгилик!!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 17:40, 12 июль 2025 (UTC)Жооп берүү