Кочкор-Ата «Кочкор, Кочкор району» менен адаштырбаңыз.
Кочкор-Ата — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар. ААББТ коду — 41703 215 600 01 0[3]. Калкы ― 18 289 (2023). ТарыхыКочкор-Ата шаары "Кыргызмунайгаз" кендерин казып алууга байланыштуу 1952-жылы курула баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953—2003-жылдары шаарча; 2003-жылдын 1-июнунан тарта райондук деңгээлдеги шаар. 2003-жылы Аскар Акаевдин― ― Кыргызстандын мурдагы президентинин катышуусу менен шаар макамы берилген. ГеографиясыШаардын жалпы аянты 485 га[4]. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, Бишкек—Ош автоунаа жолунун боюнда деңиз деңгээлинен 618 м бийиктикте жайгашкан. Ноокен районунун борбору Масы айылынан 13 км батыш тарапта, темир жол бекетинен жана облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 56 км. Өзбекстандын чек арасынан 16 км алыстыкта. Экономикасы жана инфратүзүмүШаарга жакын жерден мунайгаз казып алынат, «Кыргызмунайгаз», «Кыргызгеофизика» (мунай-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт). Пластмасса буюмдар, май зоводдору, «Кочкор-Ата» айыл курулуш, «Керамика» (кыш жана башка курулуш материалдарын чыгарат) акционердик коомдору иштейт. колледж, кесиптик-тех. окуу жайы, 4 орто мектеп, гимназия, маданият үйү, 1000 номерлүү байланыш бөлүмчөсү, оорукана, балдар консультациясы, ден соолукту калыбына келтирүүчү облустук оорукана, сквер, спорттук комплекс, стадион, чайкана, кафе, ресторан бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Калкы
Булактар
Шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia