Микронезия![]() ![]() ![]() Микронезия («Кичи аралдар», б.-грек. μικρός — кичинекей + νῆσος — арал) — Океаниядагы майда аралдардын топторунун жалпыланган аталышы. Гилберт аралдарынан, Мариана аралдарынан, Маршалл аралдарынан жана башка майда аралдардан турат[1]. Микронезияда кургактыктын жалпы аянты жана калкынын саны өтө аз, бирок бул аралдардын айланасында,аянты жагынан абдан чоң деңиз экономикалык аймактары орун алган. ТарыхМикронезия элдери бул аймактарга бир нече миң жыл мурун келип отурукташкан. XVI кылымда Микронезиянын дээрлик баардык аймагы Испаниянын колониясына айланган. XIX кылымда Науру Германиянын колониясына, ал эми Гилберт аралдары Британиянын колониясына айланган. 1898-жылы Испан-америкалык согушунан кийин Гуам аралы АКШга, башка мурунку испаниянын колониясы Германияга өткөн. 1914-жылы Германия Микронезиясын Жапония басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, жапондордун бардыгы Микронезиядан чыгарылган, мурунку жапон аймактары АКШ башкарган БУУ тарабынан калкаланган аймактарга айланган. 1950-жылдары АКШ бул жерде өзөктүк куралдарды сыноолорду өткөргөн. Гуамдан башка бардык Микронезиянын аймактары көз карандысыздыка жетишип, азыр өз алдынча мамлекеттер болуп саналышат[2]. ГеографияМикронезия — Океаниядагы болжол менен 2100 аралды камтыган аймак, жалпы аянты 2700 км2, аралдарынын аянты жагынан эң ириси Гуам, анын аянты 582 км2. Аралдардын периметриндеги жалпы океан аянты 7,400,000 км2[3]. Микронезияда төрт аралдардын негизги топтору бар:
Науру өзүнчө аралда жайгашкан мамлекет жана курамына кандайдыр бир аралдардын топторун камтыбайт. Мамлекеттер жана көз каранды аймактарМикронезия төмөнкү мамлекеттерди жана көз каранды аймактарды камтыйт:
Булактар
Тышкы шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia