Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо району — Жалал-Абад облусунун түндук-чыгышындагы администрациялык район. 1935-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынын Ак-Талаа райондору, түндук-батышынан Токтогул, батышынан Базар-Коргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. Аянты 3962 км2. Калкы 22,3 миң (2001). Орто жыштыгы 1 км2 жерге 4,1 киши туура келет. Райондо 5 айыл өкмөтү (Атай, Көк-Ирим, Каргалык, Сары-Булуң, Тогуз-Торо), 13 кыштагы бар, борбору — Казарман айылы. Макмал алтын комбинатыМакмал алтын комбинаты 1986-жылы ачылган. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, 2016-жылдагы эсептөөлөр менен бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Бүтүндөй бир районду иш жана социалдык экономикалык жактан кармап, Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражат менен түзүлөт. КурамыКошумча караңыз: Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү
Райондо 5 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 14 айыл бар[1]:
Эскертүү: Каргалык айылдык кеңеши Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу конушу жок болгондугуна байланыштуу калктуу конушту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик классификатордон чыгаруусун сунуштаган[2]. Колдонулган адабияттар
Шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia