Кара-Кулжа району
КлиматыКлиматы континенттик. Кышы суук, кар арбын жаайт. Январдын орт. температурасы —10—14,8 °C; жайы ысык, кургак, июлдуку 25—35,3 °C. ТабиятыТар (куймалары: Кулун, Терек, Алайкуу, Акбогуз жана башка), Кара-Кулжа (Сур-Таш, Тасыракай жана башка). Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыңды жана башка. Эгилме ландшафт 780— 1000 м бийикте. Андан жогору каралжын боз топурактуу талаа (1000—2000 м), кара топурактуу бийик тоо талаасы, токой (2500—3000 м), альп жана субальп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Райондун аймагында облустун калкынын 7,9% жашайт (2011). Төрөлүүнүн деңгээли 22,8%о, өлүм-житим 5,2%о, табигый өсүш 19,7%о (2008). Калкынын 46%и эмгек жашына чейинкилер, 45,9%и эмгек жашындагылар, 7,6%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 60,9%и деңиз деңг. 1000—1500 м, 18,0%и — 1500—2000 м, 21,1%и 2000—2500 м бийикте отурукташкан. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 15 киши. Кара-Кулжа районунун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 22,5 миң бодо мал (а. и. 12,5 миң саан уй), 116,3 миң кой, эчки, 15,4 миң жылкы, 25,1 миң үй канаттуулары болгон; 9,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 19,5 миң т сүт, 342 т жүн өндүрүлгөн. Жалпы жер фондусу 571,2 миң га (2000), анын ичинен айыл чарбага жарактуу жери 340,1 миң га (жеринин 59,4%и). Айдоо аянты 13,6 миң га (анын 4,0 миң гасы сугат жер), 0,2 миң га бак-дарактар, 16,1 миң га чабынды, 310,0 миң га жайыт. Дан-эгиндери (7,8 миң га, а. и. буудай — 5,0 миң га), картөшкө (0,9 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Өнөр жай тармагы райондун татаал экон. геогр. абалына байланыштуу өнүккөн эмес (облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,6%ин берет). «Ак-Терек» АК (тейлөө үйү) иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Өзгөн — Кара-Кулжа — Кызыл-Жар, Кара-Кулжа — Сары-Булак — Гүлчө автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2010-жылы автомобиль транспорту менен жүк ташуу 51,1%ке, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 11,1%ке өскөн. Райондо 49 жалпы билим берүүчү (анын ичинен музыкалык) мектеп, 2 мектепке чейинки мекеме, китепкана болгон. Райондук жана 12 участкалык оорукана, учук диспансери, 24 ФАП, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт. Административдик-аймактык түзүлүшүРайондо 12 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 55 айыл бар[2]:
![]() Кара-Кулжа районундагы калктуу конуштардын картасы. Булактар
Колдонулган адабияттар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia