Швейцария
![]() Швейцария (нем. Schweiz, фр. Suisse, итал. Svizzera, рома. Svizra), расмий аталышы — Швейцар конфедерациясы (лат. Confoederatio Helvetica, нем. Schweizerische Eidgenossenschaft, фр. Confédération suisse, итал. Confederazione Svizzera, рома. Confederaziun svizra) — Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан. Өлкөнүн аталышы![]() Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra. Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү. Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган. Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн. Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган. Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган. Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды. Тарыхы... Колдонулган адабияттар...
|
Portal di Ensiklopedia Dunia