Черногория
Черногория (Калып:Lang-cnr) — Түштүк-Чыгыш Европадагы Балкан жарым аралынын батышында жайгашкан мамлекет. Түштүк-батышынан Адрия деңизинин суулары менен чулганат, батышынан Хорватия менен, түндүк-батышынан Босния жана Герцеговина, түндүк-чыгышынан Сербия (жарым-жартылай таанылган Косово Республикасы) менен жана түштүк-чыгышынан Албания менен чектешет[2]. 2010-жылы Европа бирлигине мүчөлүгүнө талапкер өлкө деген расмий макамга ээ болгон[3]. 2017-жылдан тартып НАТОнун мүчөсү[4]. Подгорица — борбору жана ири шаарларынан бири[2]. Цетине — Черногориянын тарыхый жана маданий борбору[2]. Этимологиясы![]() Өлкөнүн тарыхый аталышы серб тилиндеги «Црна Гора» термининен келип чыгат, кыргыз тилиндеги мааниси «Кара-Тоо»[5]. Бул термин өз учурунда жыш ийне жалбырактуу дайыма жашыл токойлор менен капталган Ловчен тоосунун көрүнүшүнөн келип чыккан. Аталыш алгач паштровичи уруусу жашаган кичинекей аймакга гана тиешелүү болгон, бирок кийинчерээк Черниевичтер династиясы башкарган кеңири тоолуу аймакты белгилөө үчүн колдонулган[5]. Черногория үчүн ISO альфа-2 коду — ME жана ISO альфа-3 коду — MNE[6]. Географиясы![]() Черногориянын аймагы Албания, Босния жана Герцеговина, Косово жана Сербия менен чектешкен бийик тоолорду камтыйт. Черногориянын жалпы аянты 13,812 км² түзөт[2]. Өлкө Адрия деңизинин жээги менен өтүүчү 293 км жээк сызыгына ээ. Чек араларынын жалпы узундугу 614 км — Сербия менен — 157 км, Албания менен — 172 км, Босния жана Герцеговина менен — 225 км, Хорватия менен — 19 км жана жарым-жартылай таанылган Косово менен — 79 км[7]. Черногориянын рельефи негизинен тоо кыркаларынан, карст түздүктөрүнөн, өрөөндөрдөн жана жээктеги түздүктөрдөн турат. Динар тайпак тоолору өлкөнүн көп бөлүгүн ээлейт жана Орьен, Ловчен, Дурмитор, Проклетие жана Комови сыяктуу бийик чокулар жайгашкан. Өлкөнүн эң бийик чекити – Проклетие тоолорунда жайгашкан, бийиктиги 2534 м болгон Зла Колата чокусу. ![]() ![]() Дурмитор улуттук паркы дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген, көптөгөн мөңгүлүү көлдөрдү жана терең капчыгайларды курамына камтыйт. Европадагы тереңдиги 1300 метрге жеткен, эң терең капчыгай аркылуу агып өткөн Тара дарыясы Черногорияда жайгашкан. Башка ири дарыялары — Лим, Пива, Морача, Бояна (Буна). Шкодер (Скадар) көлү – Балкан жарым аралындагы эң ири көл (бир бөлүгү Албанияга тиешелүү), бул көлдү Адрия деңизи менен Бояна (Буна) дарыясы байланыштырып турат. КлиматыЧерногориянын климаты анын аймактарынын географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрөт. Жээк тилкесинде климат негизинен Жер Ортолук деңиз климатына таандык болуп, жайы ысык жана кургак, кышы жумшак жана жаанчыл келет[8][9]. Жайында температура көбүнчө 30-35°C чейин жетет, ал эми кышында 5-10°C айланасында. Жээк тилкесинде жаан-чачындын өлчөмү жылына 1000ден 1500 ммге чейин жетет, кээде бул көрсөткүч 2000 ммден ашышы мүмкү[9]. Өлкөнүн ички райондорунда жана бийик тоолуу аймактарында климат кескин континенттик мүнөзгө ээ болуп, кышында абанын температурасы 0°Cден төмөн түшүп, кар жаашы жана кышы 3-5 айга созулушу мүмкүн[9]. Жайында бул аймактарда абанын температурасы 25-30°C тегерегинде болот[9]. Тоолуу аймактарында жаан-чачындын өлчөмү бир кыйла жогору болуп, жылдык көрсөткүч 3000 ммден ашышы мүмкүн[8][9]. Кээ бир бийик тоолордо жаан-чачын көп болгондуктан, алар Европанын эң жаанчыл жерлеринин катарына кирет. Черногориянын климаттык шарттары жаратылыш ландшафттарынын ар түрдүүлүгүнө, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн жашоосуна таасирин тийгизет, ошондой эле туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. Флорасы жана фаунасыЧерногориянын өсүмдүктөр дүйнөсү ар түрдүү жана өлкөнүн аймагында 3000ден ашуун өсүмдүк түрү өсөт. Жээк аймагында Жер Ортолук деңиздик өсүмдүктөр басымдуу: зайтун дарактары, лавр, кипарис, розмарин, лаванда, жүзүм жана цитрус бактары. Төмөнкү бийиктиктердеги токойлордо карагай, эмен, бук, чынар ж.б. дарактары түзөт. Тоолуу аймактарда жана бийиктиктерде кара карагай, кызыл карагай, жапайы жаңгак жана ийне жалбырактуу дарактар өсөт. Альп алкагында альп өсүмдүктөрү, чөптөрдүн жана гүлдөрдүн түрлөрү кеңири таралган[10]. Черногориянын аймагында Европадагы көптөгөн ири сүт эмүүчүлөрү кездешет, мисалы, күрөң аюу, карышкыр, түлкү, тоо эчки, элик жана жапайы доңуз. Ошондой эле бул аймакты көптөгөн кемирүүчүлөр, жарганаттар жана куштар байырлашат[10]. Айрыкча Скадар көлү фаунасынын ар түрдүүлүгү менен белгилүү. Ал жердb биргазан (пеликан), көк кытан жана башка көптөгөн суу канаттуулары байырлашат. Өлкөнүн дарыяларында жана көлдөрүндө сазан, алабуга, форель сыяктуу балыктардын түрлөрү көп кездешет. Жээк аймагында деңиз фаунасы да бай – балыктардын көп түрлөрү, сегизаяк, кальмар жана ар кандай моллюскаларды кездештирсе болот[10]. Жаратылыш парктары
Булактар
Тышкы шилтемелер
|
Portal di Ensiklopedia Dunia