Сан-Томе жана Принсипи

Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы
порт. República Democrática de São Tomé e Príncipe

Герб
Туу Герб
Урааны: «Unidade, Disciplina, Trabalho (Биримдик, тартип, эмгек)»
Гимн: «Independência total»
Эгемендүүлүк күнү 12-июль 1975-жыл

Португалиядан)

Расмий тили португал тили
Борбор шаары Сан-Томе
Ири шаарлар Сан-Томе, Триндади, Невеш
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Карлуш Вила-Нова
Америку Рамуш
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
170-орун - дүйнөдө
1001 км²
0
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

220 372 адам (175-орун)
199,7 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2024)
  • Ар бир жанга

1 млрд $ (155-орун)
4 238 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

751 млн $ (180-орун)
3 167 $
АДӨИ  0,618 (орточо) (138-орун)
Акча бирдиги Сан-Томе жана Принсипи добрасы
Домени .st
ISO коду ST
ЭОК коду STP
Телефон коду +239
Убакыт аралыгы UTC ±00:00

Сан-Томе жана Принсипи (порт. São Tomé e Príncipe), расмий түрдө Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы (порт. República Democrática de São Tomé e Príncipe) — Борбордук Африкадагы аралда мамлекети[1].

Африкадагы Гвинея булуңундагы ушундай эле аталыштагы архипелагда жайгашкан. Мамлекеттин курамына жанар тоо активдүүлүгүнүн негизинде пайда болгон, бири-биринен 140 км аралыкта жайгашкан Сан-Томе жана Принсипи аралдары, аянты жагынан чоң эмес 6 арал кирет[1].

Африкадагы аянты жагынан эң кичинекей өлкөлөрдүн катарына кирет жана дуйнөдөгү португал тилдүү мамлекеттер арасынан эң кичинекейи.

Этимологиясы

1665-жылы Йоханнес Вингбунс тарабынан чийилген Сан-Томенин картасы

Бул аралдарды португал деңиз саякатчылары тарабынан 1471-1472-жылдары ачылып[2], касиеттүү делген диний адамдардын ысымдары менен аталган. Мисалы, 1471-жылдын 21-декабрында, Ыйык Апостол Фоманын күнү ачылган арал «Ыйык Фома аралы» (порт. São Tomé) деп аталган. Бул арал мурда «Ыйык Фома аралы» деп аталып келгенине карабастан[3], 1920-жылдардан тартып «Сан-Томе аралы» деген аталыш колдонулуп келет. 1472-жылдын 17-январында, Ыйык Антонийдин күнү коңшу арал ачылып, алгач «Ыйык Антоний аралы» (порт. Santo Antão) деп аталган. 1502-жылы аралга Португалиянын тактысынын мураскери урматына «Канзаада аралы» (порт. Ilha do Principe) деген жаңы аталыш берилген, анткени аралда өндүрүлгөн кумшекер үчүн алынган салык мураскердин пайдасына колдонулган. 1920-жылдардан тартып бул арал үчүн «Принсипи аралы» деген расмий аталыш колдонулуп келет.

Географиясы

Африканын эң кичинекей мамлекеттеринин бири, Сан-Томе жана Принсипи аталышындагы жанар тоо тектүү аралдарда жайгашкан. Бул мамлекет Сан-Томе (836 км²) жана Принсипи (128 км²) аралдарынан, ошондой эле Гвинея булуңунда жайгашкан Кабраш, Гаго-Каунтино, Ролаш жана Педраш-Тиньозаш сыяктуу кичинекей аралдардан турат[4].

Аралдар бири-биринен 140 км алыстыкта жайгашып, Борбордук Африканын жээгинен 300 км алыстыкта (Габондун жээгинен 300 км жана Нигериядан 400 км аралыкта), дээрлик так экватордо (түндүк кеңдиктин 1°, чыгыш узундуктун 7°) орун алган[4].

Сан-Томе аралынын 2/3 бөлүгүн тоолор ээлейт, ал эми Принсипи аралында тоолор түштүк тарабында жайгашкан. Жээк түздүктөрү Сан-Томенин батышында жана Принсипинин түндүгүндө орун алган[4].

Сан-Томе аралынын эң бийик жери – Пику-де-Сан-Томе чокусу (2 024 м), ал эми Принсипи аралынын эң бийик жери – Принсипи чокусу (948 м)[4].

Жээкте көптөгөн тайыз булуңдар бар, аларга чоң океан кемелери кире албайт. Өлкөнүн жээк сызыгынын жалпы узундугу 209 км. Башка мамлекеттер менен чек арасы жок[4].

Өлкөнүн борбору – Сан-Томе шаары.

Климаты

Сан-Томе аралындагы жээк

Сан-Томе жана Принсипи экватордук аймакта жайгашкандыктан, климаттык шарттары тропикалык деңиздик мүнөзгө ээ болуп, жыл бою ысык жана нымдуу аба ырайы менен мүнөздөлөт. Деңиз жээгинде абанын орточо жылдык температура +26—27°C түзөт. Эң ысык айларда, өзгөчө январь айында, абанын температурасы +30°C ашышы мүмкүн, ал эми эң салкын мезгилде, июль айында, абанын температурасы +20°C чейин төмөндөшү мүмкүн[5].

Жаан-чачындын көлөмү аралдардын аймактарына жараша өзгөрүлүп турат. Сан-Томе аралынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жылдык жаан-чачындын көлөмү 1000 ммге чейин жетсе, түштүк-батыш бөлүгүндө бул көрсөткүч 5000 ммге чейин жетет. Принсипи аралында жаан-чачындын көрсөткүчү Сан-Томе аралына окшош мүнөзгө ээ, ал эми Аннобон аралында жаан-чачындын көлөмү бир аз азыраак. Негизги жаан-чачын мезгили октябрдан май айына чейин созулат, бул мезгилде нымдуулук жогору болуп, жаан-чачын көп жаайт. Калган айларда жаан-чачын азыраак болуп, салыштырмалуу кургак аба ырайы байкалат[5].

Аралдардын географиялык жайгашуусу жана рельефи климаттык шарттарга олуттуу таасир этет. Тоолуу аймактарда температуралар деңиз жээгиндеги аймактарга караганда төмөнүрөөк болушу мүмкүн, ал эми жаан-чачындын көлөмү көбүнчө тоолуу райондордо жогору болот. Мындай климаттык шарттар Сан-Томе жана Принсипинин бай жана ар түрдүү экосистемаларынын калыптанышына өбөлгө түзөт[5].

Флорасы жана фаунасы

Өлкөнүн аймагы Сан-Томе, Принсипи жана Аннобон нымдуу түздүк токойлорунун экологиялык аймагына кирет[6]. 2019-жылы токой ландшафттарынын бүтүндүгү боюнча индексинде өлкө 6,64/10 упай алып, 172 мамлекеттин ичинен 68-орунга ээ болгон[7]. Сан-Томе жана Принсипиде жергиликтүү сүт эмүүчүлөрдүн саны көп эмес, бирок Сан-Томе жер чукууру жана бир нече жарганаттардын түрлөрү эндемик болуп эсептелет.

Арарлдар эндемикалык канаттуулар жана өсүмдүктөрдүн көп түрүнө бай, алардын ичинде дүйнөдөгү эң кичинекей ибис (Сан-Томе ибиси), дүйнөдөгү эң чоң күн чымчыгы, сейрек кездешүүчү борбаш (ала дуңкан) кушу жана бегоня гүлүнүн көп түрлөрү бар.

Сан-Томе жана Принсипи деңиз таш бакасынын, анын ичинде бисса (накта каретта) таш бакасынын уялоочу маанилүү жери болуп саналат.

Булактар

Тышкы шилтемелер

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya