Сахара Араб Демократиялык Республикасы

Сахара Араб Демократиялык Республикасы
ар. الجمهورية العربية الصحراوية الديمقراطية
исп. República Árabe Saharaui Democrática

Герб
Туу Герб
Урааны: ««Эркиндик, демократия, биримдик»
ар. الحرية والديمقراطية والوحدة
исп. 
«Libertad, Democracia, Unidad»
Гимн: «Yā Banīy As-Saharā»
«О Сахаранын балдары
»
Эгемендүүлүк күнү 27-февраль 1976-жыл

Мароккодон жана Мавританиядан)

Расмий тили араб тили
Борбор шаары Эль-Аюн (де-юре)
Тифарити (де-факто)
Ири шаарлар Эль-Аюн
Башкаруу формасы Бир партиялуу аралаш республика
Мамлекет башчысы
Премьер-министр
Улуттук кеңештин төрагасы
Брагим Гали
Бухрая Хаммуди Баюн
Хатри Аддух
Мам. дини Ислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
83-орун - дүйнөдө
266 000 км²
белгисиз
Калкы
• Бааланган (2025)
Жыштыгы

600 904 адам (172-орун)
2,26 ад./км²
АДӨИ ( 2015) 0,500 (төмөн) (белгисиз)
Акча бирдиги сахара песетасы (EHP)
Домени Жок
.eh домени резервделген
Телефон коду +212
Убакыт аралыгы UTC +01:00

Сахара Араб Демократиялык Республикасы (САДР, ар. الجمهورية العربية الصحراوية الديمقراطية‎; исп. República Árabe Saharaui Democrática, исп. RASD; Сахара Республикасы, ар. الجمهورية الصحراوية‎; исп. República Saharaui, ошондой эле Батыш Сахара деген аталыш менен дагы белгилүү) — Батыш Сахарадагы мурунку Испаниянын колониясынын аймагынын көбүн өзүнүн аймагы катары талап кылган, бирок учурда анын чыгыш тарабында жайгашкан кичинекей Эркин аймак деп аталган бөлүгүн гана көзөмөлдөгөн, жарым-жартылай таанылган мамлекет.

Сахара Араб Демократиялык Республикасы түндүгүнөн Марокко менен, түндүк-чыгышынан Алжир менен, чыгышынан жана түштүгүнөн Мавритания менен чектешет, ал эми батышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганат. Эркин аймак деп аталган бөлүгүнүн түштүк-батышында океанга чыгуучу жери бар.

Бул мамлекеттин негизги аймагы болжол менен 266 миң км², ал эми факт түрүндө көзөмөлдөгөн аймагы болжол менен 50 миң км². Негизги аймагынын калкы болжол менен 600 904 адам[1], факт түрүндө көзөмөлдөгөн аймагында болжол менен 40 миң адам жашайт. Жарыяланган борбору — Эль-Аюн шаары, факт түрүндө убактылуу борбору же башкача айтканда бийлик органдары жайгашкан шаары — Тифарити.

Тарыхый аталышы — Вади-Захаб (Рио-де-Оро) жана Сегиет-эль-Хамра («Алтын-Дарыя жана Кызыл-Суу»). Мурдагы аталышы — Испания Сахарасы[2].

Тарыхы

1975-жылга чейин бул регион Испаниянын колониясы болгон. 1975-жылдын 6-ноябрында Марокконун падышасы Хассан II «Жашыл жүрүш» деп аталган акцияны уюштурган. Анын чакырыгы боюнча 350 миң куралсыз марокколук эркектер, аялдар жана балдар Батыш Сахаранын аймагына эч кандай каршылыксыз киришкен. Натыйжада аннекция жүзөгө ашырылган. Батыш Сахаранын түштүк бөлүгү (болжол менен үчтөн бир бөлүгү) Мавритания тарабынан басып алынган.

1979-жылы Мавритания Батыш Сахаранын түштүк бөлүгүнөн баш тарткандан кийин, бул аймак толугу менен Марокко тарабынан оккупацияланган. Азыркы учурда Марокко бул аймактын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турат жана аны «Түштүк провинциялар» деп атаган аймагы катары карайт.

1976-жылдын 27-февралында Алжирдин колдоосу менен марокконун аскерлерине каршы партизандык согуш жүргүзүп жаткан «Полисарио фронту» Батыш Сахараны Сахара Араб Демократиялык Республикасы (САДР) деген аталыштагы көз карандысыз мамлекет катары жарыялаган[3].

Сахара Араб Демократиялык Республикасы (САДР) көзөмөлдөгөн аймак Батыш Сахаранын чыгыш бөлүгү болуп саналат, ал Эркин аймак деп аталат. Бул аймак Марокко курган коргонуу дубалдары менен Батыш Сахаранын чыгыш чек арасынын ортосундагы кууш тилкени түзөт. САДР бул дубалды «Уят дубалы» деп атап келет.

Азыркы учурда Сахара Араб Демократиялык Республикасынын көз карандысыздыгын БУУга мүчө болгон 84 мамлекет тааныган. Республика 1982-жылдан бери Африка бирлигинин мүчөсү болуп саналат. 1976–2016-жылдары САДРдин президентинин жана Полисарио фронтунун башкы катчысынын кызматын Мухаммед Абдельазиз аткарган[4][5].

БУУ Батыш Сахаранын келечегин аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү талап кылып келет жана ушул себептен Марокконун бул аймакты аскерий жол менен аннекциялоосун да, САДРди көз карандысыз мамлекет катары да тануунудан баш тартып келет.

Географиясы

Сахара Араб Демократиялык Республикасы Улуу Африка чөлүнүн батыш бөлүгүн ээлейт жана батыш тарабы толугу менен Атлантика океанынын суулары менен чулганат.Аймагы эки негизги бөлүктөн турат: түндүктө Буждур (Бахадор) тумшугунун түндүк тарабында жайгашкан Сегиет-эль-Хамра (82 миң км²) жана түштүктө жайгашкан Рио-де-Оро (184 миң км²)[6].

Жээги салыштырмалуу түз жана бир сызыктуу, 1300 чакырымга жакын жээк сызыгында болгону бир гана чоң Рио-де-Оро булуңу жайгашкан. Сахара Араб Демократиялык Республикасынын Марокко менен 443 км, Алжир менен 42 км жана Мавритания менен 1561 км созулган чек арасы бар. Кургактагы чек арасынын 9/10 бөлүгү түз сызыктар аркылуу өтүп жана бул колониалдык доордо Африка материгинин жасалма бөлүштүрүүсүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет[6].

Сахара Араб Демократиялык Республикасынын жер кыртышы бир өңчөй, талаалуу түздүктөн турат. Батышы түз, ал эми чыгыш тарабы бир аз тоолуу, бул аймактан Мавританиянын Адрар бөксө тоолору жана Атлас тоо кыркалары башталат. Көпчүлүк аймагын таштуу чөл же хамада ээлейт, кээ бир жерлерде ал кумдуу аймактар же эргдер менен алмашат. Шамалдуу бороон-чапкындар, чаңдуу бороондор жана кум бороондору тез-тез болуп турат. Жээкке жакын төмөн жерлерге дөңсөө (дюна) рельефи мүнөздүү. Кумдуу дөңдөрдүн багыты жээк сызыгына карата тик келип, бул көрүнүш үстөмдүк кылган шамалдын багытынан улам пайда болгон[6].

Булактар

Тышкы шилтемелер

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya