Экваториалдык Гвинея![]() ![]() Экваториалдык Гвинея, Экватордук Гвинея Республикасы (República de Guinea Ecuatorial) - Экватордук Африкадагы мамлекет. Камерун жана Габон өлкөлөрү менен чектешет. Гвинея булуңунун жээги жана ага жанаша жаткан аралдарды ээлейт. Аянты 28,1 миң км2. Калкы 704,0 миң (2013). Борбору - Малабо ш. Биоко а-нда жайгашкан. Акча бирдиги - Африка (КФА) франкы. Адм.-айм. жактан 7 провинцияга бөлүнөт. Экватордук гвинея - БУУнун (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1970), ИНТЕРПОЛдун (1980) ж. б-дын мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Экватордук гвинея - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - Президенттик республика. Саясий режими - авторитардык-трайбалисттик. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Эл өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлигин премьер-миниетр башында турган өкмөт ишке ашырат. Экватордук гвинеяда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демокр. партия, Социалдык демократия үчүн бирдиктүү партия. Колдонулган адабияттар
|
Portal di Ensiklopedia Dunia