Википедия:Администраторду шайлоо

АдминистраторВикипедия жамаатынын ишенимин актаган жана долбоордун өнүгүшүнө өз салымын кошо алган, убактысынын тардыгына карабастан долбоорду ар качан көзөмөлдөп, жөнөкөй колдонуучуларга көмөк көрсөтүп турган жана өзүнүн функцияларын түздөн түз аткарган, техникалык колдоо көрсөтө алган, түрдүү келишпестиктерди чечип, эки тарап тең макул болгудай чечим чыгара алган тажрыйбалуу, тийиштүү макамы менен колдонуучу.

Администратор макамына арыз берип жаткан колдонуучу эң аз дегенде алты айлык тажрыйбага жана кеминде 1000 түзөтүүгө ээ болушу зарыл. Эгерде талапкердин администратор макамына татыктуу экени күмөн жаратса ― коркпостон «каршы» добуш бериңиз. Анткени долбоордун өнүгүшү сиздин тандооңуздан көз каранды. Ал эми колдонуучу тууралуу эч кандай маалымат билбесеңиз, анда ― «калыс» калуу жообун бериңиз. Эгерде колдонуучунун долбоорго болгон салымдары жакшы болуп, ар дайым долбоорду колдоп жана өнүктүрүп келсе, анда ― «макул» добушуңузду берип талапкерлигин колдой аласыз.

Шайлоо жобосу

  • Ар бир Википедиянын администраторлорун ошол тил бөлүмдө катталган колдонуучулар шайлашат.
  • Администраторлукка өз талапкерлигиңизди кое аласыз же башка колдонуучулар сизди сунушташы мүмкүн.
  • Сизди администратор катары шайлоо бул барактагы өтүүчүңүздү колдогон же каршы добуштары менен чечилет.
  • Администраторлукка талапкерлигиңизди коюу үчүн төмөнкү калыптагы маалыматты көчүрүп киргизип, бир-эки ооз сөз менен талапкерлик максатыңызды билдирип коюңуз.
  1. Талапкер төмөнкү калыпты көчүрүп киргизгенден кийин, колдонуучулардын (добуш берүүчүлөрдүн) берген суроолоруна жооп берип турушу зарыл. Бул шайлоонун жыйынтыгын тездетет!
  2. Добуш берүү аяктагандан кийин добуштарды эсептеп чыгыңыз. Ал үчүн калыптын эң түбүндөгү Макул жана Каршы талааларына канча добуш болгонун сан түрүндө жазасыз. Көңүл буруңуз! Бул нерсени аткаруу милдеттүү эмес, бирок архивге сактоо үчүн маанилүү.
  3. Талапкерлигиңиз өтпөсө, кайра-кайра талапкерлигиңизди койбоңуз. Антпесеңиз салымыңыз жокко чыгарылып же бир канча убакытка чейин бөгөттөлүшүңүз мүмкүн.
    > Көңүл буруңуз! Эгерде сиз добуш берүүдөн өтпөй калсаңыз, 3 ай ичинде кайрадан арыз бере аласыз.
  4. Талапкер өзүнө жана башка колдонуучунун атынан добуш бере албайт.
  5. Администраторлордун жөнөкөй колдонуучулардан айырмасы аларга берилген айрым мүмкүнчүлүктөрүндө. Ошондуктан, администратор макамды алгандан соң себепсиз эле берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбашы керек.
  6. Добуш берүүчү, добуш берип жатканда эмнеге жана кимге добуш берип жатканына көңүл бурушу керек.

Көчүрүүгө камылга

===[[Колдонуучу:колдонуучу атыңыз|колдонуучу атыңыз]]===
{{Sr-request
|Талапкер= 
|Макул1=
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1=
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс1=
|Калыс2=
|Калыс3=
}}

Колдонуу үлгүсү

===[[Колдонуучу:Абдырашит Сатылганов|Абдырашит Сатылганов]]===
{{Sr-request
|Талапкер= Абдырашит Сатылганов
|Макул1= Friendwip.kg
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1= Chorobek
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс1=
|Калыс2=
|Калыс3=

|Макул = 1
|Каршы = 1
|Калыс = 0
}}


Иштериңизге ийгилик!

Талапкерлер

Incall

Талапкер:Incall
Макул / OK МакулY
МакулY

Абдырашит Сатылганов

Каршы / No ЖокʈN

Саламатсызбы урматтуу Кыргыз Википедиясынын жамааты!

Мен Кыргыз Википедиясын өнүктүрүү жана кеңейтилген ыйгарым укуктарды алуу максатында администратор болууга талапкерлигимди коюуну каалайм. Жакында интерфейс администраторунун укугун алуу үчүн кайрылганда, кесиптешибиз Абдырашит Сатылганов мага администратор болууну сунуштаган.

Бардык активдүү катышуучулардын колдоосуна ээ болом деп үмүттөнөм.

Биринчи кезекте мен эрежелерди жазып, аларды добуш берүү жана консенсус аркылуу ишке ашырам. Ошондой эле керексиз беттерди өчүрөм, Кыргыз Википедиясына rollback укугун кошом жана ишенимдүү катышуучулар үчүн файл жүктөө укугун берүүчү тугуну киргизем. Азыркы учурда мен “Консенсус” жөнүндө эрежени жазып бүттүм, ал менин карап чыгуу барагымда. Мындан тышкары, башка эрежелерди да англис Википедиясынан которуп жаза берем.

Негизги ойлорумду билдирдим, суроолоруңуз болсо кубануу менен жооп берем. Incall talk 23:08, 2 август 2025 (UTC)[жооп берүү]

Пикирлер

Админдердин көп болуп, өз позициясында туруктуу түрдө жумуш аткарганы жакшы, Incall тажырыйбалуу колдонуучу, башка дообоордордогу салымдарын карап жүрөм, активдүүлүк күтөбүз. Ийгилик! --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 09:07, 3 август 2025 (UTC)[жооп берүү]

Салам! Incall Сиз CSS/JavaScript программалоо тилдерин канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Алар менен кандай тажрыйбаңыз бар (мисалы, жеке веб-сайттар, программалык долбоорлор, Wikipedia түзөтүүлөрү) Ушул жөңүңдө айтып берсеңыз?--  Mirzoulug'bek |@  14:24, 3 август 2025 (UTC)[жооп берүү]
CSS бул анча деле оор тил эмес, албетте өзүнүн кээ бир кыйынчылыктары бар, бирок башка тилдерге салыштырмалуу үйрөнүүгө оңой жана көпчүлүк адамдар аны көйгөйсүз эле өздөштүрө алышат. Ал эми JavaScript жөнүндө айтсам, мен js боюнча программистмин, бирок эскертип кетейин — мен жазган коддордун көпчүлүгү түздөн-түз js менен эмес, React аркылуу ишке ашат. Incall talk 08:52, 4 август 2025 (UTC)[жооп берүү]

Добуш берүү

  1.  Макул, жамаат порталында жабылуусу керек болгон чечим кабыл кылуучу укугу үчүн да тиешелүү чараларды көрсөңүз жана кыргыз Википедиясында туруктуу түрдө актив болуп турсаңыз жакшы болот эле. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 09:00, 3 август 2025 (UTC)[жооп берүү]
    Мен орусча Википедиядагыдай өзүнчө форум беттерин түзгүм келет, колдонууга ыңгайлуураак болушу үчүн. Incall talk 09:36, 3 август 2025 (UTC)[жооп берүү]
  2.  Макул -- Википедиянын өңүгүшү үчүн актив болуп турууну жана ар дайым колдонуучуларга көмөк көрсөтө турган администратор болушунузду суранип калам. Ошондой эле биз биргеликте эрежелерди иштеп чыгабыз деген үмүттөмүң.   Mirzoulug'bek |@  07:51, 4 август 2025 (UTC)[жооп берүү]
  3.  Макул Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 08:39, 4 август 2025 (UTC)[жооп берүү]

Архив

Архив
Архив
Баарлашуу архиви:
Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya