Реюньон департаменти

Реюньон
фр. Réunion
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

 Франция

Статусу

Департамент

Административдик борбор

Сен-Дени

Мэр-президент

Хуан Хесус Вивас

Расмий тили

Испан тили

Калкы

896 175

Жыштыгы

360 адам/км²

Аянты

2511 км² (15- орунда)

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

+04:00

Коду ISO 3166-2

ES-CE

Телефон коду

+262

Почта индекси

974XX

Интернет-домени

.fr, .eu

Автоунаа номурунун коду

RE, FR-974

Расмий сайты
Реюньон Уикиказынада


Реюньон (фр. Réunion) — Инди океанындагы Франциянын деңиздин ары жагындагы департаменти. Бул арал 1848-жылга чейин Бурбон аралы деп аталган. Маскарен аралдарынын бир бөлүгү болгон бул арал Мадагаскар аралынан 679 км чыгышта, Маврикий аралынан 175 км түштүк-батышта жайгашкан. 2025-жылдын январына карата калкынын саны 896 175 адамды түзгөн[1].

Борбору жана эң ири шаары — Сен-Дени.

Реюньон XVII кылымда француз иммигранттары келгенге чейин ээн (эл жашабаган) арал болгон. Тропиктик климаты шекер өндүрүүгө багытталган плантация чарбасынын өнүгүшүнө алып келген, талаа жумушчулары катары Чыгыш Африкадан кулдар, андан соң малайзиялыктар, вьетнамдыктар, кытайлар жана индиялыктар келишим боюнча жумушка алынышкан. Бүгүнкү күндө калктын көпчүлүк бөлүгү аралаш тектүү, ал эми негизги тили — реюньон креол тили, расмий тили — француз тили[2].

Этимологиясы

XVII кылымда арал Франциянын карамагына өтүп, ошол мезгилде өлкөнү башкарган Бурбондjр династиясынын урматына Бурбон аралы деп аталган. Улуу Француз революциясынан кийин, 1793-жылдын 23-мартында эски режим менен байланышты жоюуну каалаган Улуттук конвент аймактын аталышын Реюньон (фр. Réunion, «биримдик») деп өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бул аталыш 1792-жылдын 10-августундагы революцияга чейин болгон марселдик федераттар менен париждик улуттук гвардиячылардын жолугушуусунун урматына берилген деген божомолдор бар. Бирок, бул жөнүндө эч кандай документтер далилдер жок.

XIX кылымда арал дагы бир нече жолу аталышын өзгөрткөн: 1806-жылы, Биринчи империя доорунда, генерал Декан аны Наполеондун урматына Бонапарт аралы (фр. Île Bonaparte) деп атаган, ал эми 1810-жылы арал кайрадан Бурбон деп атала баштаган. Акыры, Июль монархиясы кулагандан кийин, 1848-жылдын 7-мартындагы убактылуу өкмөттүн декрети менен аралдын аталышы кайрадан Реюньон деп өзгөртүлгөн[3].

Тарыхы

1816-жылдагы Бурбон аралдарынын 10 сантими
Сен-Денидеги Бертран Франсуа Маэ де Лабурдонненин айкели

Реюньон аралы ээн болгон, X кылымдан тартып араб деңиз саякатчылары бул аралга келип, аны Дина Маргабин (ар. دينا مارجبين‎) — Батыш аралы деп аташкан. Реюньон аралы, бул аймактарга биринчи европалыктар келип отурукташкан аралдардын бири болгон.

1500-жылдын июлунда аралга португал деңиз саякатчысы Диогу Диаш келген. 1512-жылдын 9-февралында же 1513-жылы Аполлония ыйык күнүндө португал саякатчысы Педру ди Машкареньяш аралга келген, бул окуянын урматына португалдар аралды Аполлония ыйык аралы (порт. Ilha de Santa Apollónia) деп аташкан.

Арал 1642-жылдан тартып Франциянын карамагында болгон. 1649-жылы Людовик XIV каалоосу менен Бурбондар династиясынын урматына Бурбон аралы (фр. Île Bourbon) деп аталган. XVII кылымдын экинчи жарымында аралга Мадагаскардан жана Африкадан көп сандагы кулдар алынып келинген.

1715-жылы кофе өндүрүшү башталып, Йеменден алгачкы алты кофе дарагы алынып келинген.

1730-жылы деңиз каракчысы Оливье Ле Вассёр кармалып, өлүм жазасына тартылып, 7-июлда Сен-Полдо дарга асылган.

1738-жылы аралдын губернатору Маэ де ла Бурдоннэ борборду Сен-Польдон Сен-Дениге көчүрүү чечимин кабыл алган.

1764-жылы аралды башкаруу укугу Француз Ост-Индия компаниясынан Франция падышачылыгына өткөн.

1793-жылдын 23-мартында, Францияда монархия кулагандан кийин, Монж Г. жана Гойе Л. кол койгон Улуттук конвенттин декретинин негизинде арал Реюньон (фр. Réunion, «биримдик») деп өзгөртүлгөн. Поспелов Е. М. айтымы боюнча, бул аталыш Улуу Француз революциясы убагында 1792-жылдын 10-августунда Марселден келген революционерлер менен Париждеги Улуттук гвардиянын биригишинин урматына берилген.

1801-жылы арал Наполеон Бонапарттын урматына Бонапарт аралы (фр. Île Bonaparte) деп аталган.

1810-жылы Наполеон согуштарынын натыйжасында Британия империясы аралды башкарып, Бурбон эски аталышын калыбына келтирген. Ошол эле учурда англичандар шекер камыш плантацияларын түзүшкөн. Кыска убакыттын ичинде шекер негизги экспорттуу продукт болуп калган.

1815-жылы Париж тынчтык келишими (1814) боюнча арал Францияга кайтарылган.

1819-жылы аралда ваниль өндүрүшү башталган.

1848-жылы аралдын аталышы кайрадан өзгөрүлүп, Бурбон аралынын ордуна Реюньон аралы деп аталган.

1848-жылдын 20-декабрында аралда кулчулук жоюлган (20-декабрь Реюньондо майрам күнү болуп саналат). Кофе жана шекер камыш плантацияларында иштөө үчүн Индиядан, ошондой эле Кытайдан жумушчулар алынып келинген.

1870-жылы Суэц каналы аркылуу деңиз жолу ачылгандыгынан улам аралда узак мезгилге созулган экономикасынын начарлашы башталган.

18791882-жылдары инженер Александр Лаваллэнин жетекчилиги астында аралда темир жол курулган.

Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында шекердин дүйнөлүк баасынын түшүшү кичи жана орто плантаторлордун массалык түрдө банкрот болушуна, экономиканын начарлашына жана Реюньондун калкынын санынын (1866-жылы 208 миң адам, 1921-жылы 173 миң адам) азайышына алып келген.

1929-жылы аралга биринчи жолу учак конгон.

1936-жылдын 28-декабрында каттамдагы биринчи учак Реюньондун Ролан Гаррос аэропортуна келген.

1940-жылы жергиликтүү бийлик Виши режимин колдонуу уланткан.

1942-жылы антигитлердик коалицияга кирген Улуу Британиянын аскерлери аралды басып алган.

1946-жылы арал Франциянын көзөмөлүнө кайтарылган. 19-мартта аралдын макамы өзгөрүлүп, француз колониясынан Франциянын деңиздин ары жагындагы департаментине айланган.

1948-жылы департаментте ылдамдыгы 300 км/с жеткен бороон катталган.

1952-жылы Силао шаарында бир күндүк ичинде жаан-чачындын эң көп көлөмдөгү жаашы боюнча дүйнөлүк рекорду коюлган. Көлөмү 1869,9 мм жеткен.

1974-жылы аймактын макамы кайрадан өзгөрүлүп, Франциянын деңиздин ары жагындагы департаментинен Франциянын административдик аймагына айланган.

1991-жылы департаментте каржылык жана саясий жанжалдын учурунан массалык толкундоолор болгон.

2004-жылы Реюньон Чыгыш жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн экономикалык коомуна мүчө болуу үчүн арызын берген.

2005-жылы Мозамбик кысыгындагы кичинекей аралдар — Европа, Бассас-да-Индия жана Глорьёз аралдары Реюньондун юрисдикциясынан чыгарылган жана Франциянын Түштүк жана Антарктикалык аймактарынын юрисдикциясына өткөн.

Географиясы

Реюньон аралынын узундугу 63 км, туурасы 45 км, ал эми жалпы аянты 2 512 км² түзөт. Аралдын чыгыш жагында жайгашкан Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу — деңиз деңгээлинен 2 631 метрге чейинки бийиктикке чейин көтөрүлөт. Кээде бул жанар тоону Гавайи аралдарындагы жанар тоолору менен климаттык шарттарынын жана табиятынын окшоштугуна байланыштуу аларды «эгиздер» деп да атап коюшат. 1640-жылдан бери бул жанар тоо 100дөн ашуун жолу атылып, дайыма окумуштуулар тарабынан байкоодо турат. Акыркы жолу ал 2023-жылдын 2-июлунда атылган. 2007-жылдын апрелинде болгон атылуу маалында лаванын агымы суткасына 3 000 000 м³ жеткен деп бааланган. Питон-де-ла-Фурнезди пайда болушуна түрткү берген жер кыртышынын активдүүлүгүнөн Маврикий жана Родригес аралдарын да пайда болгон[2].

Питон-де-ла-Фурнездин түндүк-батышында аралдын эң бийик жери жайгашкан — Питон-де-Неж жанар тоосу. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 3 070 метрге жетет. Бул жаран тоо азыр уктап жаткан абалда жана активдүүлүк байкалбайт. Жанар тоонун чокусуна кар сейрек түшкөнүнө карабастан, француз тилиндеги «кар чокусу» деген аталыш берилген. Бул жанар тоолордун боорлору токойлуу, нымдуу шартта кездешүүчү өсүмдүктөргө бай. Айыл чарбага ыңгайлуу жерлери жана калктуу конуштары, анын ичинде борбор шаары Сен-Дени жээк тилкелериндеги түздүктөрдө жайгашкан. Аралдын батыш жээгинде коралл рифтери кездешет. Реюньондо үч чоң калдера бар: Салази, Силаос жана Мафате. Алардын ичинен Мафате жөө же тик учак менен гана жетүүгө мүмкүн болгон эң обочолонгон аймак болуп эсептелет[4][2].

Геологиясы жана рельефи

Реюньон аралынын картасы

Реюньон — болжол менен үч миллион жыл мурун пайда болгон жанар тоолук арал. Аралдын пайда болушуна Питон-де-Неж жанар тоосунун активдүүлүгү себеп болгон. Бул жанар тоо деңиз деңгээлинен 3 070,5 метр бийиктикке жетип, Маскарен аралдарында жана жалпы Инд океанында эң бийик чоку болуп эсептелет. Аралдын чыгыш бөлүгүндө 500 миң жыл мурда пайда болгон Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жайгашкан. Бул жанар тоо дүйнөдөгү эң активдүү жанар тоолордун бири деп саналат. Аралдын суу үстүндөгү бөлүгү анын жалпы көлөмүнүн 3 пайызын гана түзөт, калган бөлүгү суу астындагы чоң тоо болуп саналат[2].

Жанар тоолордун активдүүлүгүнөн тышкары, аралдын рельефи активдүү эрозиянын таасиринен улам тегиз эмес. Аралдын борбордук бөлүгүндө эрозиянын таасири астында пайда болгон Салази, Мафате жана Силаос аймактары жайгашкан. Ошондой эле, аралдын капталдары болжол менен 600гө жакын терең капчыгайларды жараткан дарыялар менен тилмеленген. Бул дарыялар тоолорду жүздөгөн метр тереңдикке чейин кесип өтөт[4].

Питон-де-Неждин эски тоо массиви менен Питон-де-ла-Фурнездин массиви ортосунда Пальмист өрөөнү жана Кафр өрөөнү деп аталган түздүктөр орун алган. Бул түздүктөр аралдын чыгышын түштүк бөлүгү менен байланыштырган өтмөк болуп дагы кызмат кылат. Бул түздүктөрдөн сырткары, жээктери айрыкча аралдын түндүк жана батыш тарабында эң түз жана жантайыңкы аймак болуп эсептелет. Ал эми түштүк-чыгыш жээктери өтө тик капталдуу мүнөзгө ээ[2].

Жээктен жогору көтөрүлгөн сайын аралдын борборуна чейин бийик аймактар жайгашкан. Бул аймактарда жердин жантайышы кескин өзгөрүп, Энкло аймагындагы кырка тоолорго өтөт.

Климаты

Реюньон аралынын Көппен климаттык классификациясы боюнча картасы

Реюньон аралы нымдуу тропикалык климатка ээ, бирок климаты чыгыштан батышты карай согуп турган пассат шамалдарынын таасири жумшак кылат. Аралдын рельефинин кескин жана бийик болгондугуна байланыштуу климаты өтө ар түрдүү жана жергиликтүү аймактарда айырмаланып турат. Мунун натыйжасында жаан-чачындын көлөмү боюнча чыгыштагы шамалдуу жээктер менен батыштагы шамалдан калкалуу жээктердин ортосунда чоң айырма бар. Ошондой эле, деңиз жээгиндеги ысык аймактар менен бийик тоолуу, салкын райондор ортосундагы аба температурасында да бир топ айырма бар[4].

Реюньондо жаан-чачындын мүнөзүнө жараша эки негизги мезгил айырмаланат:

  • Январдан мартка чейинки жаанчыл мезгил — жылдык жаандын басымдуу бөлүгү ушул аралыкта жаайт;
  • Майдан ноябрга чейинки кургакчыл мезгил — бирок аралдын чыгышында жана жанар тоолордун этектеринде кургакчыл мезгилде да көп жаан жаашы мүмкүн.

Ал эми апрель менен декабрь — өткөөл мезгилдер болуп саналат, бул айларда аба ырайы өтө нымдуу да, өтө кургак да болушу мүмкүн. Аралдагы эң кургак аймак — батышындагы Труа-Бассенс коммунасынын жээгинде жайгашкан Пуэнт-де-Труа-Бассенс аймагы, бул жерде жылдык орточо жаан-чачын 447,7 мм түзөт. Эң нымдуу аймагы — түштүк-чыгыштагы Сент-Филипп коммунасынын Ле-Бариль аймагы, бул жерде жаан-чачындын жылдык орточо көлөмү 4 256,2 ммге жетет. Бирок, эң нымдуу аймак — чыгышындагы бийик тоолордо жайгашкан Сент-Розе шаарынын жогорку бөлүгү, ал жерде жаан-чачындын жылдык көлөмү дээрлик 11 000 ммге чейин жетет. Бул көрсөткүч Реюньонду дүйнөдөгү эң нымдуу жерлердин бири кылат[5].

Абанын температурасы жыл бою салыштырмалуу жумшак болуп, мезгилдер алмашканда абанын температурасынын өзгөрүүлөрү чоң эмес, көп учурда 10°Cден ашпайт. Ноябрдан апрелге чейин деңиз жээктеринде абанын орточо минималдык температурасы 21–24°C, абанын орточо максималдык температурасы 28–31°C. 1 000 м бийиктикте — абанын орточо минималдык температурасы 10–14°C, абанын орточо максималдык температурасы 21–24°C. Майдан октябрга чейин деңиз жээктеринде абанын орточо минималдык температурасы 17–20°C, абанын орточо максималдык температурасы 26–28°C; 1 000 м бийиктикте — абанын орточо минималдык температурасы 8–10°C, абанын орточо максималдык температурасы 17–21°C[6].

Дүйнөдөгү 12, 24, 72 жана 96 саат ичинде эң көп жаан-чачын жааган рекорддор Реюньонго таандык. Рекорддордун арасында 24 саат ичинде жааган көлөмү 1,8 метрге жеткен жаан-чачын дагы Реюньондо катталган[5].

Колдонулган адабияттар

Булактар

Тышкы шилтемелер

Prefix: a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Portal di Ensiklopedia Dunia

Kembali kehalaman sebelumnya