2017-жылдын июль айына карата Сомалинин аймактары: Борбордук өкмөт Исламчылар Пунтленд Сомалиленд
Сомали — беш федералдык аймактан жана өз алдынча мамлекет деп өзүн жарыялаган Сомалилендден турган федеративдүү республика[1]. Де-факто, Сомалинин түндүк бөлүгү автономдуу мамлекет катары өзүн эсептеген Пунтленд автономдуу аймагы менен Сомалиленддин ортосунда бөлүнгөн[2]. Борбордук Сомалиде, Пунтленддин түштүгүндө жайгашкан Галмудуг дагы өз алдынча аймактык бирдик болуп эсептелет.
Тарыхы
Сомали Федералдык Республикасындагы автономдуу аймактарынын так саны менен чек араларын аныктоо милдети Федералдык Парламентке жүктөлгөн[3]. Бул максатта 2014-жылдын декабрында парламент чек ара жана федералдаштыруу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул комиссия өлкөнүн курамындагы аймактардын, провинциялардын чек араларын аныктоо жана аймактар ортосундагы талаштарды чечүү милдетин аткарып келет.
Пунтленд — Сомалинин түндүк-чыгышында жайгашкан автономдук аймак. Галмудуг — Сомалинин борбордук бөлүгүндөгү автономдук аймак. Жубаленд — Сомалинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан автономдук аймак. 2014-жылдын ноябрында Сомалинин Түштүк-Батыш автономдук түзүлүшү түзүлгөн. Хиршабелле аймагы 2016-жылдын октябрында уюшулган. Түндүк-Борбордук аймакта жайгашкан Хатумо аймагы 2023-жылы федералдык бийлик тарабына расмий таанылган.
Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн тизмеси
Сомалиленд — Сомалинин түндүк-батышында жайгашкан, де-факто көз карандысыз, жарым-жартылай таанылган мамлекет. 1991-жылдын май айында түндүктөгү уруулар Сомалинин 18 административдик аймагынын 5 камтыган көз карандысыз Сомалиленд Республикасынын түзүлгөнүн жарыялашкан[2]. Сомалиленд бир да өлкө менен толук кандуу дипломатиялык мамилелерди түзгөн эмес. Сомалинин маалыматына ылайык, Сомалиленд анын түндүк-батыш бөлүгүн ээлеп, өлкөнүн жалпы аймагынын болжол менен 27,6% түзөт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Сомалилендди Сомалиден бөлүнүп чыккан же автономдуу аймак катары гана тааныйт. Иш жүзүндө, Сомали өз көз карандысыздыгын бекемдөөнү көздөгөн Сомалилендди башкарбайт.
Федералдык мамлекеттин административдик бирдиктери же союздаштары
Галмудуг. 2014-жылдын 14-октябрында кол коюлган макулдашуунун негизинде, де-факто 2015-жылдан тарта Химан жана Хеб аттуу автономдуу түзүлүштөрү менен биригип, натыйжасында Сомалинин Борбордук аймактарынын мамлекети түзүлгөн[4].
Жубаленд (1998—1999, 2010—2011, 2013-жылдан тартып). 2014-жылга карата Сомалинин Федералдык өкмөтү менен союздаш, «Харакат аш-Шабаб» тобуна каршы турган көз карандысыз түзүлүш болуп саналган. 2014-жылдын ноябрында Жубаленддин аскердик күчтөрү Сомалинин Федералдык өкмөтүнүн армиясына интеграцияланган[5][6]. Ал Төмөнкү Жубба, Орто Жубба жана Гедо провинцияларын көзөмөлдөйт.
Пунтленд (1998-жылдан тартып). Федеративтик Сомали мамлекетинин курамына кирүүнү пландап жатат, ал эми 2010-жылга чейин радикалдуу исламисттерге каршы күрөшүүдө федералдык өкмөттүн негизги тарапташы болгон. Бул аймакта 2014-жылдын январь айында кезектеги президенттик шайлоо өткөн[7].
Сомалинин Федералдык Өкмөтү. Сомалинин расмий борбордук бийлиги болуп саналат. Ал 2012-жылы 20-августа Улуттук убактылуу өкмөттүн ордуна түзүлүп, өлкөнүн федералдык түзүлүшүнө ылайык башкарууну жүргүзөт. Федералдык өкмөт өлкөнүн аймактык штаттары менен кызматташып, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана мамлекетти калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Сомалинин эл аралык деңгээлде таанылган борбордук бийлиги болуп саналат[8].
Хиршабелле (2016-жылдан тартып). 2016-жылдын9-октябрында федералдаштыруу процессинин алкагында Хиран жана Орто Шабелле аймактары биригип, жаңы Хиршабелле убактылуу администрациясын негиздешкен. Бул администрациясынын жаңы борбору болуп Жоухар шаары жарыяланган.
Түштүк-Батыш Сомали (2002—2006, 2014-жылдан тартып). 2014-жылдын март айында жаңыдан түзүлгөн Түштүк-Батыш Сомали Сомалинин Федералдык өкмөтүнө баш ийген автономдуу мамлекет макамына ээ болгон. Ноябрь айында бул мамлекеттин конституциясы бекитилген[9]. Төмөнкү Шабелле, Бай жана Баколь провинцияларын көзөмөлдөйт.
Сомалинин Борбордук аймактарынын мамлекети (2015-жылдан тартып). Сомалинин Федералдык өкмөтү тарабынан борбордук аймактарында түзүлгөн.
Исламий администрациялар
Жамаат Аш-Шабааб (2006-жылдан тартып)
Сомалинин Ислам Эмирлиги (2006-жылдан тартып)
Сомалидеги мамлекеттик түзүлүштөрдүн аймактык курамы
Сомалинин аймактары
Кээ бир аймактар талаштуу аймактар болуп эсептелет жана бир нече мамлекеттик түзүлүштөр аларды өз административдик курамына киргизип карашат.
Сомалиленд
Аудаль (Борама)
Вокои Галбеед (Харгейса)
Габили (Габили)
Тогдер (Буръо)
Сахил (Бербера)
Санаг (Эригабо)
Соль (Ласъанод)
Салал (Сайла)
Сарар (Айнабо)
Одуэйне (Одуэйне)
Хауд (Балегубадле)
Айн (Буходле)
Пунтленд
Бари (Босасо)
Каркар (Кардо)
Мудуг (Галькайо)
Нугаль (Гароуэ)
Санаг (Эригабо)
Соль (Ласъанод)
Бадхан (Бадхан)
Бохаро (Дахар)
Айн (Буходле)
Түштүк-Батыш Сомали
Бей (Байдабо)
Баколь (Худдур)
Төмөнкү Шабелле (Марка)
Галмудуг
Мудуг (Галькайо)
Хобьо (Хобьо)
Жубаленд
Гедо (Гарбахаррей)
Ортоңку Жубба (Буале)
Төмөнкү Жубба (Кисмайо)
Сомалинин аймагындагы мурунку мамлекеттик түзүлүштөр
Хэзб аль-Ислам (2009—2010; 2012—2014) — «Харакат аш-Шабаб» менен атаандаш болгон куралдуу топ. Бирок кийинчерээк жеңилүүгө учурап, «Харакат аш-Шабаб» менен бириккен.
Исламий соттордун бирлиги (1993—2006) — көтөрүлүшчүлөр кыймылы, бул кыймыл жеңилгенден кийин «Харакат аш-Шабаб» түзүлгөн.
Ахлю ас-Сунна ва-ль-Жамаа (ASWJ; 1991—2018) — куралдуу уюм, кийинчерээк Галмудуг менен бириккен.